Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-декабры № 477-б
Зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын мэриясы алган карыздык милдеттенмелерди кайтаруу шарттарын 2000-жылдын 17-ноябрындагы, 2004-жылдын 5-июлундагы № 134-04 № 135-04, № 136-04 келишимдерине ылайык төмөнкүдөй шарттарда өзгөртсүн:
негизги сумманы кайтарууну ай сайын төмөнкүдөй текши төлөмдө жүргүзсүн:
2014-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 1-январына чейин - негизги суммадан 20 пайыз өлчөмүндө;
2016-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 1-октябрына чейин - негизги суммадан 80 пайыз өлчөмүндө;
кредитти пайдалангандыгы үчүн учурдагы пайыздарды негизги сумма менен бир убакта төлөсүн;
ушул буйрук күчүнө кирген күнгө карата мурда эсептелген жана жоюлбаган пайыздарды жана айыптарды обочолонгон суммага бөлүп чыгарсын жана обочолонгон сумманы төлөө мезгилин 2016-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 1-октябрына чейин белгилесин;
- карыздык милдеттенмелерге карата кошумча макулдашууларды белгиленген тартипте тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 554-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |