Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-декабры № 480-б
Безгек оорусу жок өлкө катары Кыргыз Республикасын тастыктамалоо процессин даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
1) 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасын тастыктамалоого даярдоо боюнча иштин планын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө:
- эл аралык эксперттердин сунуштамаларын эске алуу менен Кыргыз Республикасын тастыктамалоого даярдык көрүү процессин камсыз кылсын;
- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна берүү үчүн Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо жөнүндө Улуттук баяндама даярдасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 480-б буйругуна тиркеме |
Чойбеков К.Н. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Исаков Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Мамыров З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө. департаментинин энтомологу, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аалиев Г.К. | - | Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери; |
Абарбекова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Асыпбаев Н.У. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгынын пландоо жана медициналык жабдуу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Айтбаева М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы; |
Жолдошов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Ибраева Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын дарылоо-алдын ала жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилова Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Кадыралиев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик-медициналык башкармалыгынын санитардык-гигиеналык жана эпидемиологияга каршы иштер боюнча башкы офицери; |
Капаров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарына мониторинг жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
Мамаев С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарбасын жана ветеринарияны өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Соляной М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сулайманов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Тентимишева Д.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажылык контролдоо жана тариздөө башкармалыгынын бажылык тариздөө бөлүмүнүн начальниги; |
Үсөнбаев Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары, безгекке каршы күрөшүү боюнча улуттук координатор; |
Чаргынов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Чекирова Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси. |