Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 10-декабры № 484-б

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 36-б  буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Россия Федерациясынан техникалык жардам линиясы боюнча алынган, 2013-жылы чыккан, винкодунун № XUS222702D0004800, кузовунун № Z6FXXXESFXDP39168 "Форд-Транзит" маркасындагы автомашинаны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбору МИсынын чарбалык пайдаланууга өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборбору МИсына бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны чарбалык пайдаланууга кабыл алуу сунушталсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев