Редакцияот 16.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 16-декабры № 491-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуунун 2014-2017-жылдарга карата программасынын тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен жактырылсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 421-б буйругу менен жактырылган

 

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуунун 2014-2017-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эки мамлекеттин экономикаларынын тармактарынын ортосунда тарыхый калыптанган өндүрүштүк жана илимий-техникалык байланыштарына, аларды өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде сактоонун жана андан ары өнүктүрүүнүн объективдүү зарылдыгына байланыштуу,

өз ара пайдалуу кызматташуунун стратегиясын иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча иш-чаралардын комплексин кабыл алуу зарылдыгын моюнга алышып,

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 1992-жылдын 10-июнундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндөгү келишимге, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2000-жылдын 27-июлундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга таянышып,

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:

1. Программанын негизги максаттары жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуунун 2014-2017-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа деп аталат) Тараптардын өз ара пайдалуу экономикалык байланышын өнүктүрүү, экономиканын алдыңкы тармактарынын ишканаларынын өндүрүштүк кызматташуусунда орчундуу прогресске жетишүү, өз ара товар жүгүртүүнү өстүрүү жана ушунун негизинде эки мамлекеттин калкынын турмуш деңгээлин жогорулатуу боюнча макулдашылган чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Бул максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттердин экономикалык кызматташуусун төмөнкүдөй жолдор менен туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо белгиленет:

- эки өлкөнүн потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында соодалык-экономикалык, инвестициялык кызматташтыктын масштабдарын жана тармактык диверсификациясын көбөйтүү;

- баардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана кепилдиктерди камсыздоо, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү;

- эки тараптуу мамиленин келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү;

- отун-энергетикалык жана агрардык комплекстерде, кен казуу жана металлургия өндүрүшүндө, машина курууда Тараптардын өз ара аракеттенүүсү;

- транспорт, маалыматтык технология жана байланыш жаатында, финансы, банк чөйрөсүндө Тараптардын өз ара аракеттенүүсү;

- билим берүү, инновациялар жана изилдөөлөр, маданият, туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү;

- илим жана техника, саламаттык сактоо жана гидрометеорология жаатында өз ара аракеттенүү;

- бажы иштери жаатында кызматташуу;

- социалдык өнүктүрүү жана эмгек миграциясы жаатында кызматташуу;

- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүмдөрү менен Россия Федерациясынын чарбакер субъекттеринин ортосундагы түз соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштардын масштабын өстүрүү, механизмдерин өркүндөтүү;

- эки тараптуу, региондук жана глобалдык деңгээлдерде айлана-чөйрөнү коргоонун көйгөйлөрү боюнча өз ара аракеттерди күчөтүү.

2. Программаны ишке ашырууну башкаруу

Программаны ишке ашыруунун жүрүшүн кароо Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия (мындан ары - Комиссия деп аталат) тарабынан ишке ашырылат, анын улуттук бөлүктөрүнүн төрагалары Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитишет.

Иш-чаралар планында Тараптардын мамлекеттик органдарынын Программаны ишке ашырууга багытталган конкреттүү аракеттери аныкталат, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин Программаны ишке ашырууга катышууга ниетин билдирген чарбакер субъекттери көрсөтүлөт.

Комиссия Иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт, ушул ишке ашырууларды контролдойт жана зарыл учурда Иш-чаралардын планына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

 

____________ шаарында 2013-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Программанын жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн