Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-майы N 187-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 489-б, 2017-жылдын 21-июнундагы № 252-б, 2018-жылдын 5-июлундагы № 239-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун (АТЭС) Кыргыз Республикасынын транзитин, соодасын жана транспорттук байланыштарын андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча демилгесин карап чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Ногойбаев Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Акматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги; |
Кочконов К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун кеңешчиси; |
Саркулов Ы.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Кожокулов Р.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору; |
Маткеримов Т.Ы. | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча); |
Боотаев Т.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Жумаков Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө жана ДСУ маселелери боюнча башкармалыгынын соода бөлүмүнүн башкы адиси; |
Бейшеев К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси - юрист; |
Налобина Е.В. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги; |
Чельцов Д.Ю. | - | Евразия регионундагы Автомобиль транспорту эл аралык союзунун туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
Ташиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн адиси. |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 489-б, 2017-жылдын 21-июнундагы № 252-б, 2018-жылдын 5-июлундагы № 239-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Жумушчу топтун ишин жалпы уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эл аралык ташуучулар ассоциациясына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
3. Жумушчу топ Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун демилгелерин ишке ашыруу боюнча ишти аяктаганга чейин улантсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |