КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-июну № 252-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 187-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Абдралиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Ташиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн адиси;
- жумушчу топтун курамынан Осоев Э.А. чыгарылсын;
- буйруктун 1-пунктунун алтынчы абзацындагы "улук" деген сөз "башкы" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |