Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-майы № 195-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү МЕМОРАНДУМУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Грузиянын Финансы министрлиги,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана үзүрлүү кызматташтыкты түзүү зарылдыгын көңүлгө алып, финансылык саясат жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу жаатында кызматташуу кызыкчылыгын билдирүү менен,
теңчиликтин жана өз ара пайданын негизинде Тараптар ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары илгерилетүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ортосундагы кызматташтык тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын жана жоболорунун алкагында алардын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттенмелерин өз ара урматтоо принциптерине негизделет.
2-берене.
Натыйжалуу кызматташуу максатында Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык:
A) Тараптардын компетенциясына кирген маанилүү маселелер боюнча маалымат жана тажрыйба алмашат, ага төмөнкүлөр кирет:
- бюджеттик, фискалдык (салык салуу бөлүгүндө) саясат боюнча улуттук мыйзамдарды;
- республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу;
- мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ачык-айкындыкты камсыздоо;
- мамлекеттик инвестициялар саясатын жүргүзүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке ашыруу;
- эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу боюнча тажрыйба алмашуу;
- эки тараптуу макулдашуунун негизинде Тараптардын өз ара кызыкчылыгын билдирген башка чөйрөлөр;
B) А) пунктчасында көрсөтүлгөн багыттар боюнча кыргызстандык расмий адамдар үчүн кыска мөөнөттүү окутуу программалары жана семинарлар;
C) Тараптар ортосунда эки өлкөнүн өз ара жакшы түшүнүшүүсүн илгерилетүү жана Тараптардын кызматкерлери ортосунда тыгыз жумушчу өз ара мамилелерин колдоо үчүн окутуу визиттерин жүргүзүү жолу менен кызматкерлерди жиберишүү;
D) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн техникалык, консультациялык жардамдарды берүү.
3-берене.
Жогоруда аталган программаларды каржылоо Тараптар ортосунда консультацияларды өткөрүү жолу менен макулдашылат.
4-берене.
Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуунун негизинде ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши, бүт же каалаган бөлүгүн оңдошу мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр, толуктоолор жана оңдоолор Тараптар аныктаган күндөн баштап күчүнө кирет. Ар кандай өзгөртүү бул Меморандумдун жоболорунан келип чыккан же аларга негизделген укуктарды жана милдеттерди чектөөнү мындай өзгөртүү, толуктоо же оңдоо күнүнө чейин алып келбейт.
5-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык ишке ашырылуучу программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө макулдашууларды түзө алышат.
6-берене.
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу мезгилинде алынган документтердин, маалыматтын жана башка маалыматтардын купуялуулук жана жашыруундуулук принцибин сактоого тийиш.
7-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө жана колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ар кандай кайчы пикирлерди жана талаштарды Тараптар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Тараптардын кимиси болбосун дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө беш жылдык мөөнөткө чейин узартуу жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат. Эгерде Тараптардын бири ушул Меморандумдун аракетин токтотууну кааласа, бул Тарап белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин үч айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин экинчи Тарапка билдирүүгө тийиш.
Бул Меморандумду токтотуу эгерде Тараптар башкача чечишпесе, ушул Меморандумдун колдонулуу мезгилинде ишке ашырылуучу программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбөөгө тийиш.
Муну күбөлөндүрүп, тиешелүү өкмөттөр тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор ушул Меморандумга кол коюшту.
Бишкек шаарында 2013-жылдын "__" _______ эки нускада, ар бири кыргыз, грузин, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Кайчы пикирлер болгондо англис тилиндеги тексти артыкчылыкка ээ болот.
_________________________ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
| _________________________ Грузиянын Финансы министрлиги үчүн |