Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-майы № 197-б
2013-жылдын 30-майы - 1-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) кезектеги жыйындарына, ошондой эле "Евразиялык экономикалык союз: бизнестин күтүүлөрү" Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине катышуучу мамлекеттердин Ишкер адамдардын форумунун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Жоомарт Каипович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Бешимов Аскар Жолчубекович(**) | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Панкратов Олег Михайлович(**) | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Ибраимова Чолпон Ибраимовна(**) | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усупов Үсөн Макаевич(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; |
Иминов Махамаджан Саитович(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Султанов Талант Кушчубекович | - | Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлү; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Аджиматова Чолпонай Абдисаматовна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи катчысы; |
Турсункулов Кайрат Эркинович(**) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси; |
Алканов Райкан Алканович | - | "ЕврАзЭСтин Ишкерлер кеңеши - Кыргызстан" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) жогоруда аталган жыйындарынын чечимдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун тиркемесинде аталган, жогоруда аталган жыйындарынын алкагында кабыл алууга болжолдонгон эл аралык келишимдерге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - Беларусь Республикасынын Минск шаарына 2013-жылдын 29-майы - 1-июнунда командировкага жиберилет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-майындагы № 197-б буйругуна тиркеме |
КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) жыйындарынын алкагында кабыл алууга болжолдонгон эл аралык келишимдердин ТИЗМЕСИ
КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин алкагында:
Келишимдин Тараптары жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода зоналары жөнүндө келишимди колдонуу тууралуу протоколдун долбоору;
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча макулдашуунун долбоору;
КМШга катышуучу мамлекеттердин Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында мамлекеттер аралык мамилелерин координациялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору;
1992-жылдын 26-июнундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында кызматташуунун негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
Расмий статистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
1999-жылдын 4-июнундагы Мезгилдүү басма сөз, китеп чыгаруу, китеп таратуу жана полиграфия жаатында кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин Уставы жөнүндө макулдашуунун долбоору;
1997-жылдын 17-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү документтерин өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору.
ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) алкагында:
Евразиялык экономикалык коомдоштугунун мүчө мамлекетинин биринин жарандары менен Евразиялык экономикалык коомдоштугуна башка мүчө мамлекетинин аймагында эмгек ишин аткарууда болгон өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору;
Евразиялык экономикалык коомдоштук мамлекеттеринде эмгекчи-мигранттардын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундуну өз ара таануу тууралуу макулдашуунун долбоору;
Евразиялык экономикалык коомдоштугунда билими, окумуштуу даражасы жана окумуштуу наамдары жөнүндө документтерди өз ара таануу жана эквиваленттүүлүгү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин Бюджеттик процесстер боюнча маалымат алмашуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору.