Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-майы № 202-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматы (мындан ары - Тараптар),
Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги макулдашууга негизденишип,
Тараптардын биринин мамлекетинин аймагынан ташылып чыгуучу жана башка Тараптын мамлекетинин аймагына ташылып кирүүчү товарларга карата бажылык контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар ушул Протоколго тиркелген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобону (мындан ары - Жобо) колдонушат.
2-берене.
Тараптар маалымат алмашуунун натыйжасында алынган товарларды өткөрүү тууралуу маалыматтардын дал келбестигин же туура эместигин аныктоо боюнча чараларды көрүшөт жана аныкталган фактылар жөнүндө бири бирине өз ара маалымдашат.
3-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда талаштар жана кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет.
4-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Протоколго анын ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
5-берене.
Тараптардын ар бири ушул Протоколго ылайык алган маалымат ал маалыматты алган Тараптын башка мамлекеттик же бөлөк органдарына берген Тараптын жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана берилиши мүмкүн.
6-берене.
Маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобо этап менен, Тараптар маалымат алмашууга техникалык жактан даяр болгон учурда өз ара макулдашуу боюнча аныкташуучу мөөнөттөрдө күчүнө кирет.
7-берене.
Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8-берене.
Тараптардын ар бири башка Тарапка бул Протоколдун колдонууну токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү аны колдонуу токтой турган күнгө чейин алты айдан кем эмес мурдатан жөнөтүү менен аны колдонууну токто алат.
_________ шаарында 20__-жылдын "__" __________ ар бири кыргыз, орус жана тажик тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Протоколдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер болсо орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматы үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протоколго тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) бир Тараптын мамлекетинин аймагынан ташылып чыгуучу жана башка Тараптын аймагына ташылып кирүүчү товарлар тууралуу маалымат алмашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын функцияларын аныктайт.
1.2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер колдонулат:
жөнөткөн өлкө - өз ара соодада товарлар аймагында аларды алып чыгууну караштырган бажы режимине ылайык ташылуучу Тараптын мамлекети;
жеткирилүүчү өлкө - өз ара соодада товарлар аймагында аларды алып кирүүнү караштырган бажы режимине ылайык Тараптын ташылуучу Тараптын мамлекети.
1.3. Бул Жобонун максаттары үчүн өткөрүлүп жаткан товарлар тууралуу маалымат жыйноо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Тараптардын Маалымат жыйноо борборлору (мындан ары - МЖБ) эсептелет:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Статистика, талдоо жана божомолдоо башкармасы;
Тажик Тараптан - Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын Талдоо жана бажы статистикасы башкармасы.
Өздөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары өзгөргөн учурда Тараптар бири бирине токтоосуз кабарлашат (жазуу жүзүндө).
1.4. Тараптардын МЖБ ортосунда маалымат берүү ушул Жобонун тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашуунун техникалык шарттарына (мындан ары - Техникалык шарттар) ылайык отчеттук мезгилден кийин 40-күнү, ай сайын ишке ашырылат.
1.5. Маалыматтын түзүмү жана форматы Техникалык шарттарда келтирилген.
2. Жөнөткөн өлкөнүн маалыматтарды берүүсү
2.1. Жөнөткөн өлкөнүн бажы органы ташылып чыгып жаткан товарлар тууралуу маалыматтарды жөнөтүүчү өлкөнүн МЖБсына жөнөтөт.
2.2. Жөнөткөн өлкөнүн МЖБсы жөнөтүүчү өлкөнүн бажы органдарынан алынган маалыматты жалпылайт жана ташылып чыгып жаткан товарлар тууралуу маалыматтарды Техникалык шарттарга ылайык жеткирилүүчү өлкөнүн МЖБсына жөнөтөт.
3. Жеткирилүүчү өлкөнүн маалыматтарды берүүсү
3.1. Жөнөтүүчү өлкөдөн ташылып чыгып жаткан товарларга бажылык тариздөө жасаган жеткирилүүчү өлкөнүн бажы органдары ал товарлар тууралуу маалыматтарды жеткирилүүчү өлкөнүн МЖБсына жөнөтөт.
3.2. Жеткирилүүчү өлкөнүн МЖБсы жөнөткөн өлкөдөн ташылып келген, таризделген товарлар тууралуу маалыматтарды жалпылайт жана Техникалык шарттарга ылайык жөнөткөн өлкөнүн МЖБсына жөнөтөт.
|
| Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашуунун ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул документте келтирилген файлдардын түзүмү Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобону ишке ашырууга арналган.
1.2. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өткөрүлүшү жана алардын бажылык таризделиши тууралуу маалыматтарды берүү ай сайын, түзүмү төмөндө келтирилген DBASE форматындагы файлдар түрүндө жүргүзүлөт. Маалыматтар бажы статистикасында эске алынган бажы режимдерине ылайык түзүлөт.
1.3. Маалыматтарды берүүдө маалыматтык негиз болуп курамы төмөндө келтирилген стандартташтырылган электрондук маалымдамалардан турган ченемдик-маалымдама маалыматы эсептелет:
"Бажы органдары";
"Дүйнө өлкөлөрү жана аймактары";
"КМШ ТЭИ ТНдеги товардык позициялар";
"Чен бирдиктери";
"Транспорт түрлөрү";
"Бажы режимдери жана бажы жол-жоболору";
"Товарларды өткөрүү өзгөчөлүктөрү";
"Валюталардын коддору жана аталыштары".
Тараптардын МЖБлары маалымат алмашуунун башында баштапкы бир жолку ченемдик маалымдама маалыматтын берүүнү уюштурат жана өзгөргөнүнө жараша анын андан ары актуалдашуусун камсыз кылат.
2. Бериле турган маалыматтын түзүмү
Өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну ишке ашыруу үчүн жөнөткөн өлкөнүн МЖБсынын товарлардын экспорту жана жеткирилүүчү өлкөнүн бажылык тариздөө жөнүндө кабарлоосунун жыйынды файлы (архивдик файл) колдонулат.
2.1. Архивдик файлдын түзүмү
Тараптардын биринин МЖБсы башка Тараптын МЖБсына берүү үчүн архивдик файл түзөт.
Архивдик файл төрт файлдык маалыматтардан турат:
- жалпы маалыматтар файлы (HEAD.DBF);
- товарлардын файлы (GOODS.DBF);
- транспорт каражаттарынын файлы (TRANS.DBF);
- ЖБД номерлеринин дал келүү файлы (JOIN.DBF).
2.2. Архивдик файлдын атынын түзүмү
VTKKMMGG.NNN архивдик файлынын атынын түзүмү:
VT | - | өз ара соода тууралуу архивдик файлдын белгиси |
КК | - | жөнөткөн бажы органынын коду |
KG | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
TJ | - | Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматы |
ММ | - | айдын номери |
GG | - | жылдын акыркы цифралары |
NNN | - | файлдын катар номери |
2.3. Жалпы маалыматтардын файлдарынын түзүмү
Файлдын аталышы: HEAD.DBF | |||
№ | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
2 | RECVCONTR | С 3 | Жеткирилүүчү өлкөнүн коду |
3 | SENDCONTR | С 3 | Жөнөткөн өлкө коду |
4 | G011 | С 2 | Өткөрүлө турган багыты |
5 | G021 | С 14 | Жөнөтүүчүнүн ИНН/РНН |
6 | G022 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн аталышы |
7 | G023 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн дареги |
8 | G81 | С 14 | Алуучунун ИНН/РНН |
9 | G082 | С 150 | Алуучунун аталышы |
10 | G083 | С 150 | Алуучунун дареги |
11 | G092 | С 150 | Финансылык жөнгө салууга жооптуу жактын аталышы |
12 | G093 | С 150 | Финансылык жөнгө салууга жооптуу жактын дареги |
13 | G05 | № 5 | Товарлардын жалпы саны |
14 | G19 | С 1 | Контейнердин белгиси |
15 | G222 | № 17.2 | Жалпы фактуралык |
16 | G23 | № 11.4 | Валюта курсу |
2.4. Товарлардын файлынын түзүмү
Файлдын аталышы: Индекстик мааниси: GOODS.DBF ND, G32 | |||
№ | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
2 | G32 | № 5 | Товардын номери |
3 | G33 | С 10 | Товардын коду |
4 | G31_1 | С 250 | Товардын сүрөттөлүшү |
5 | G41A | С 3 | Кошумча чен бирдиктеринин |
6 | G31_7 | № 19.6 | КЧБ товар саны |
7 | G38 | № 19.6 | Товардын салмагы нетто, кг |
8 | G221 | С 3 | Валюта коду |
9 | G42 | № 17.2 | Товардын фактуралык наркы |
10 | G46 | № 17.2 | Статистикалык наркы |
11 | G35 | № 19.6 | Брутто салмагы |
12 | G37 | С 6 | Жол-жобо |
13 | G44_1 | С 250 | Контракттын номери |
2.5. Транспорт каражаттарынын файлынын түзүмү
Файлдын аталышы: TRANS.DBF | |||
№ | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
2 | NGR | С 2 | Кеңейтүү графасынын номери (18, 21, 25, 26, 27, 29) |
3 | VIDTRANS | С 2 | Транспорт каражатынын түрү |
4 | NTRANS | С 40 | Транспорт каражатынын номери |
5 | NTRANS1 | С 40 | Жарым чиркегичтин номери |
6 | NTRANS2 | С 40 | Чиркегичтин номери |
2.6. ЖБД номерлеринин дал келүү файлынын түзүмү (Жеткирилүүчү өлкөнүн МЖБ бажылык тариздөөсү үчүн толтурулат)
Файлдын аталышы: Индекстик маани: JOIN.DBF ND, ND_ЕХ | |||
№ | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
2 | ND_EX | С 150 | Коңшу Тараптын экспорттук ЖБД номери |
3. Маалыматтарды берүү каражаттары
3.1. Электрондук түрдө берилүүчү маалыматтар Тараптардын программалык каражаттары менен электрондук документ түрүндө түзүлөт.
3.2. Электрондук документ ушул Техникалык шарттын талаптарына ылайык таризделет.
3.3. Архив түрүндөгү файлдар электрондук почта аркылуу же фельдъегер кызматы аркылуу DVD-R, CD-R маалымат алып жүрүүчүлөрү менен жөнөтүлөт. Архивдештирүү үчүн 3.20ден төмөн эмес Winrar версиясындагы программа колдонулат (файлды кеңейтүү - *.RAR).