Редакцияот 27.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 27-майы № 205-б

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо максатында:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 132 токтомунун жоболору күчүнө киргенге чейин төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын 2013-жылдын 1-апрели - 2013-жылдын 30-июнундагы эмгек акысын жогоруда аталган токтом менен белгиленген кызматтык маяналарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин атайын каражаттарынын эсебинен төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүгө.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев