Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-майы № 208-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине бул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
эки тараптуу соодалык-экономикалык мамиленин жакшы өнүгүүсүн эске алышып,
тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташууну, ошондой эле транзиттик ташууларды өнүктүрүүнү каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
1. Бул Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасында жана Тажик Республикасында катталган автомобилдик транспорт каражаттар менен ачык чек ара пункттары аркылуу эки мамлекеттин ортосунда жүргүнчүлөрдү, анын ичинде туристтерди жана жүктөрдү туруктуу жана туруктуу эмес ташуулар ишке ашырылат.
2. Автомобилдик ташуулар Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө максатында төмөнкү терминдердин мааниси:
1. "Ташуучу" термини - Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык акысына же өзүнүн эсебинен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууга укугу бар, Тараптардын бирөөсүнүн мамлекетинин аймагында катталган жеке же юридикалык жак.
2. "Автотранспорттук каражаттар" термини:
- жүргүнчүлөрдү ташууда - автобус, башкача айтканда айдоочунун ордунан тышкары 8 орундан ашык отургучу бар, жүргүнчүлөрдү ташууга арналган автотранспорттук каражат;
- жүктөрдү ташууда - жүк ташуучу автомобиль, прицеби бар жүк ташуучу автомобиль, автомобилдик сүйрөгүч же жарым прицеби менен сүйрөгүч.
3. "Үчүнчү мамлекетке же мамлекеттен ташуу" термини - бир Тараптын мамлекетинин аймагында катталган автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү бири үчүнчү өлкөнүн (Макулдашуунун катышуучусу эмес) аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда ташуу.
4. "Уруксат" термини - бир Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү жана экинчи Тараптын мамлекетинде катталган автотранспорт каражатына уруксат берген Тараптын мамлекетинин аймагы боюнча же аркылуу өтүүгө укук/мүмкүнчүлүк берүүчү документ.
5. "Атайын уруксат" термини - бир Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү жана экинчи Тараптын мамлекетинде катталган автотранспорт каражатына ташуулардын атайын категорияларын атайын уруксат берген Тараптын мамлекетинин аймагы боюнча же аркылуу ишке ашырууга укук/мүмкүнчүлүк берүүчү документ.
6. "Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу" термини - Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылуучу каттамдар, ырааттама, тарифтер жана ташуучу жүргүнчүлөрдү отургузуучу же түшүрүүчү токтоо пункттары боюнча жүргүнчүлөрдү автобус менен ташуу.
7. "Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүктүү ташуу термини - "жүргүнчүлөрдү дайыма ташуу аныктамасына туура келбеген, жүргүнчүлөрдү автобус менен ташуу.
8. "Кооптуу жүктөр" термини - ташуу процессинде, жүктөө-жүк түшүрүү иштеринде белгилүү фактор орун алганда аларга таандык касиеттердин жана өзгөчөлүктөрдүн күчүнөн улам жарылуунун, өрттүн себеби болушу же ташылган жүктөрдүн, техникалык каражаттардын түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулуштардын, башка объекттердин зыян тартуусунун себеби, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, айлана чөйрөгө зыян келтирүүнүн себеби болгон заттар, материалдар, буюмдар, калдыктар.
9. "Транзит" термини - автотранспорттук каражатынын Тараптардын аймагы аркылуу өтүүсү.
10. "Ыйгарым укуктуу органдары" деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан:
а) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
б) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
Тажикстан Республикасынын Өкмөтү жактан:
а) Тажикстан Республикасынын Транспорт министрлиги;
б) Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрлиги;
в) Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматы.
3-берене.
Бул Макулдашуунун шарттарына ылайык, Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында эл аралык автомобиль ташууларын жүргүзүүгө бири бирине укук беришет, ошондой эле өз мамлекеттери аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзитке укук беришет.
4-берене.
1. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобилдик үзгүлтүксүз ташууларды уюштуруу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашылат.
2. Эки мамлекеттин ортосундагы алардын аймактары боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүктүү ташуулар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын макулдугу менен өз ара принциптерде ишке ашырылат.
Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүк ташууда автобустун айдоочусу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен макулдашылган форма боюнча жүргүнчүлөрдүн тизмесин алып жүрүшү керек.
3. Тараптардын ыйгарым укуктуу Органдары анын мамлекетинин аймактары аркылуу өтө турган участокко уруксат берет.
4. Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүктүү ташууларды ишке ашырууда, экинчи Тараптын автобусунун биринчи мамлекеттин аймагына уруксатсыз кирүүсүнө төмөнкү учурларда жол берилет:
а) бузулган автобусту башка автобуска алмаштырууда;
б) кайра ташуу максатында ошол эле ташуучу тарабынан башка Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан пункттан жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн биринчи жөнөтүлгөн пунктка кирүү.
5-берене.
1. Тараптар ортосундагы жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуулар, транзиттик ташуулар, анын ичинде үчүнчү мамлекетке же ал мамлекетке үзгүлтүксүз ташуулар уруксатсыз негизде ишке ашырылат.
2. Автомобилдик транспорттун айдоочусу өзү башкарган автотранспортко тиешелүү категориядагы улуттук айдоочунун күбөлүгүн алып жүрүүгө милдеттүү.
3. Бул Макулдашууга ылайык талап кылынган башка документтер (үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн маршруттук баракчасы, жүк ташуулар үчүн товар-транспорттук накладной ж.б.), айдоочунун жанында болуп, транспорттук жана башка компетенттүү органдар тарабынан талап кылынганда көрсөтүлүүгө тийиш.
6-берене.
1. Тараптардын биринин автотранспорттук каражаттын салмагы, огуна туура келген жүк салмагы жана көлөмү башка Тараптын аймагында белгиленген ченемдерден ашпоого тийиш.
2. Автотранспорттук каражаттын көлөмү же салмагы ченемден жогору болгон учурда, ошондой эле бөлүнгүс жана кооптуу жүктөрдү ташууда Тараптардын улуттук мыйзам ченемдеринин ченеми колдонулат.
7-берене.
1. Бул Макулдашууда каралган ташуулар, өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык, эл аралык ташууларга уруксаты бар Ташуучу тарабынан ишке ашырылат.
2. Эл аралык ташууларды аткарган автотранспорттук каражаттардын катталуу жана айырмалоо белгилери, ошондой эле техникалык паспорту, өз өлкөсүнүн техникалык кароосунун талону же сертификаты болуш керек.
8-берене.
Ташуучуга башка Тараптын аймагында жайгашкан эки пункттун ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга уруксат берилбейт.
9-берене.
Тараптардын ортосунда, ошондой эле алардын аймактары боюнча Тараптардын курал-жарак, ок дарыларды, аскер тетиктерин, жарылуучу заттарды жана башка кооптуу жана зыяндуу заттарды транзиттик ташууларга жол берилбейт.
10-берене.
Бул Макулдашуунун негизинде Тараптардан төлөнүүчү жолдордон, көпүрөлөрдөн жана тоннелдерден сырткары автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн төлөм алынбайт.
11-берене.
1. Бул Макулдашуунун негизинде ташууларды аткарууда, башка Тараптын аймагына алынып келүүчү төмөнкүлөргө бажы алымдарын төлөө өз ара бошотулат:
а) автотранспорт каражатты пайдаланууга зарыл болгон, даярдоочу заводдо каралган көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу материалдар;
б) эл аралык ташууларды аткарган, бузулган автотранспорт каражатты оңдоо үчүн инструменттер жана тетиктери.
2. Пайдаланылбаган тетиктер кайра алынып чыгууга тийиш, ал эми алмаштырылган тетиктер тиешелүү Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттен алынып чыгышы, же башка бажы тартибине келтирилиши керек.
12-берене.
Бул Макулдашуунун негизинде эл аралык автомобилдик жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуулар автотранспорттук каражатты милдеттүү түрдө камсыздандырган шартта жүргүзүлөт.
13-берене.
Чек аралык, бажы, санитардык, транспорттук жана башка контролдун түрлөрү Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын иш аракетин жөнгө салган эки тараптуу кол коюлган документтерге ылайык ишке ашырылат. Келишимдер жок болгон учурда, контроль Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
14-берене.
Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууда, ошондой эле оор абалдагы оорулуу адамдарды, жаныбарларды жана тез бузула турган азыктарды ташууларда чек аралык, бажы, санитардык, транспорттук контроль биринчи кезекте аткарылат.
15-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ташуучулары жана айдоочулары башка Тараптын мыйзамдарын жана жол кыймылы эрежесин сактоого милдеттүү.
16-берене.
Жол-транспорт кырсыктары болгон же форс-мажордук жагдайлардын себебинен эл аралык автомобилдик ташуулар токтотулган учурда, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары кырсык болгон мамлекеттин аймагында зарыл болгон, өз убагындагы жардамды көрсөтүшөт жана бул тууралуу Экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органдарына билдиришет. Жол-транспорт кырсыктары окуя болгон Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
17-берене.
1. Тараптар бул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу менен байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш маселелерди сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечишет.
2. Зарыл болгон учурда Тараптар келип чыккан маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардын жолугушуусун өткөрүшөт.
3. Бул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер ар бир Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык чечилет.
18-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын алар тарабынан түзүлгөн башка эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
19-берене.
Бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
20-берене.
1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун жүргүзүлгөндүгү жөнүндө экинчи Тараптын акыркы билдирүүсүн алган күндөн тартып күчүнө кирет, жүргүзүү тууралуу акыркы билдирүүсүнөн кийин күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) 1996-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашуу жана Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнашты өнүктүрүү жана өркүндөтүү жөнүндө макулдашуу өз жарактуулугун токтотот.
2. Бул Макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана эгер, Макулдашылган Тараптардын бири аталган Макулдашуунун тиешелүү колдонуу мезгили бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи Макулдашуучу Тарапка аны колдонуусун токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир жолу автоматтык түрдө кийинки 5 жылга узартылат.
"____________________" шаарында 20__-жылдын "__" _______________ эки нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында тексттер түп нуска деп эсептелет жана бирдей күчкө ээ болот.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө максатында орус тили колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |