Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 18-сентябры № 400-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-майы № 212-б
Кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 288-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоорунун даярдоо иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу тобунун курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Эшимбеков Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары; |
Алкожоева Б.У. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Назаров Ж.М. | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
- жумушчу топтун курамынан К.Ж.Бактыгулова, И.Б.Какеев, Р.У.Рахманкулов чыгарылсын;
- 5-пункттагы "реалдуу сектор жана инфраструктура" сөздөр "өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |