Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 18-сентябры № 400-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июну № 288-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 212-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 426-б буйругу менен жактырылган, Бишкек шаарында 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын, Афганстан Ислам Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрү тарабынан кол коюлган "САSА-1000" электр энергиясын берүү долбоорун өнүктүрүүгө жана Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергия региондук рыногун (САSАRЕМ) андан ары өнүктүрүүгө карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын кайра өзгөрүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу:
1. "САSА-1000" долбооруна карата даярдоо иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Калиев А.Р. - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, жумушчу топтун жетек чиси;
Орозалиев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин тышкы байланыштар жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ибраев Т.О. | - | "Кыргызстан УЭТ" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жумалиев К.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун консультанты (макулдашуу боюнча); |
Попов Л.Г. | - | "Кыргызстан УЭТ" ачык акционердик коомунун келечектүү өнүктүрүү боюнча башкы директордун кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Эшимбеков Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары; |
Алкожоева Б.У. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Назаров Ж.М. | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 212-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жумушчу топтун жетекчисине, ал жок учурда жумушчу топтун жетекчисинин орун басарына Тажикстан Республикасы, Афганстан Ислам Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын ушундай жумушчу топтору менен биргелешип өткөрүлгөн мамлекеттер аралык кеңешмелеринин жыйынтыгы боюнча чечимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, энергия компанияларынын, көз карандысыз эксперттердин жана консультанттардын кызматкерлерин ишке тартуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 500-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 212-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |