Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 110-б буйругуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-майы № 215-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 "Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясына:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине (мындан ары - Турак жай-жарандык курулуш департаменти) Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан 135 батирлүү (бир бөлмөлүү 135 батир) 9 кабаттуу турак үйдүн курулушуна жер участогун бөлүп берүү;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен бирдикте курула турган турак үйдү жылуулук, электр, газ, суу менен жабдуу жана керектелген сууну чыгаруучу инженердик тармакка оптималдуу жана өз убагында кошуу боюнча маселелерди чечүү;
- турак үй курулуп бүткөндөн кийин бардык инженердик коммуникациялары меиен турак үйдү баланска алуу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы Турак жай-жарандык курулуш департаменти берген табыштама боюнча Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептен каражат которууну камсыздасын.
3. Турак жай-жарандык курулуш департаменти-курулуштун заказчысы:
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак үйдү долбоорлоо жана куруу боюнча кызматтарды жана жумуштарды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык жүргүзсүн. Мында үчтөн кем эмес потенциалдуу долбоорчулардын жана подряддык уюмдардын коммерциялык сунуштарын изилдесин жана салыштырсын;
- жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин;
- турак үйлөрдү бөлүнгөн жер участокторуна бекитүүнү жүргүзсүн;
- турак үйлөрдүн курулушун типтүү долбоорлорду колдонуунун негизинде параллель долбоорлоо менен жүргүзсүн;
- турак үйлөргө баардык тышкы коммуникациянын киргизилишин камсыздасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |