Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-апрели № 110-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн, Бишкек шаарынын "Туңгуч" кичи районунда жайгашкан жер участогуна 135 батирлүү 9 кабат турак үй курууга бирден бир заказчы болуп чыксын;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда турак үй куруу боюнча жумуштарды сатып алууну жүргүзсүн.
2. "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен турак үйдүн курулушуна инвестор болуп чыгуу, менчик үлүшүн аныктоо жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жакындарына социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан салынган каражаттардын үлүшүн эске алуу менен тиешелүү сандагы батирлерди акысыз негизде бөлүп берүү жөнүндө келишим түзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 215-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |