Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-майы № 223-б
1. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү (Тажикстан Республикасы) шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууга Афганистан Ислам Республикасын кошуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү (Тажикстан Республикасы) шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууга Афганистан Ислам Республикасын кошуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "ТЧТМ" деп аталуучу, Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы тарабынан 2010-жылдын 2-декабрында кол коюлганын көңүлгө алуу менен,
ТЧТМнын 28-беренесине ылайык Макулдашуучу тараптардын макулдугу шартында каалаган башка өлкөлөр кошулушу үчүн Макулдашуу ачык экендигин көңүлгө алуу менен,
Борбордук Азия регионунда интеграцияланган транспорт тутумунун өз ара пайдаларына шыктангандыгына байланыштуу, Афганистан Ислам Республикасы ТЧТМга кошулуу ниетин билдирет,
Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасы Афганистан Ислам Республикасынын ТЧТМга кошулуусун жактырышканын эске алып,
ТЧТМнын 2-тиркемесинин 31-беренесине жана 2-беренесине ылайык Макулдашуучу тараптардын бир добуштан жактыруусу шартында Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экендигине байланыштуу,
ТЧТМнын таасиринин натыйжалуулугун жакшыртууну жана кеңейтүүнү каалап, мындан ары Макулдашуучу Тараптар деп аталуучу, тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасы,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кошулуу
(а) Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ТЧТМга Афганистан Ислам Республикасынын кошулуусуна макулдугун беришти.
(б) Афганистан Ислам Республикасы ТЧТМга кошулууда жана анын жоболоруна тиешелүү күч берүү, ошондой эле анда камтылган бардык жоболорду ак ниет аткаруу милдеттенмесин өзүнө алат.
2-берене. Кирүүнүн жана чыгуунун кошумча маршруттары жана пункттары
Макулдашуунун 2-тиркемесинин 1-беренесине ылайык ТЧТМ төмөнкүдөй кошумча БАРЭК 5 Коридорунун сегментин камтыйт - Төмөнкү Пянджа/Ширхан Бандара тараптан Тажикстан Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын чек арасы Афганистан Ислам Республикасындагы Торкхамга чейин.
3-берене. Автотранспорт каражаттарынын кириши
ТЧТМнын негизги текстинин 7-беренесинин (а) пункту "Макулдашуучу тараптар" деген сөздөрдөн кийин "уруксаттардын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене. Депозитарий
ТЧТМнын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы депозитарий болуп эсептелет.
5-берене. Күчүнө кириши
Бул Протокол Макулдашуучу Тараптардан ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун аяктаганын ырастоочу акыркы кат жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Муну ырастоо катары төмөнкү тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу адамдар аталган Протоколго кол коюшту.
Бакуда (Азербайджан) 2011-жылдын 23-ноябрында орус жана англис тилдеринде үч түп нускада түзүлдү. Мааниси боюнча кайчы пикирлер пайда болгон учурда, англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кол коюлду
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Тажикстан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Афганистан Ислам Республикасы үчүн |
|
|