Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-майы № 204-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-июлундагы № 301-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыэ Республикасынын Өкмөтүнүн Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыэ Республикасынын аймагында газ тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуусун өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү. бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федеранпясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Нефть жана газ өнөр жайын өнүктүрүүдөгү кызматташтык жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин - Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 2-мартындагы макулдашууну жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын аймагында табигый газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жагындагы узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене Терминдер жана аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
«мүлк» - мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жогорку басымдагы газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүү станциялары, компрессордук станцпялар, жер астында газ сактагычтар, скважиналар, жер участкалары, имараттар, курулуштар, жабдуулар, шаймандар, чийки зат, продукция жана карыздар, бирок алар менен чектелбейт;
«укуктар жана таламдар» - акчалай баасы бар мүлктүк жана башка укуктар, анын ичинде талап кылуу укуктары, бирок алар менен чектелбейт, ошондой эле ишкананы, анын продукциясын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн айырмалаган белгилерге (коммерциялык белги, товарлык белгилер, тейлөө белгилери) укуктар жана башка өзгөчө укуктар;
«тикелей сатуу» - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынган кандайдыр-бир макулдашууларды, макулдукту жана уруксатты алуу зарылчылыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган артыкчылыктуу сатып алууга тиешелүү укуктарды сактоо зарылчылыгы болбостон сатуу.
2-берене Макулдашуунун предмет
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында табигый газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жагынан узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтакты камсыз кылат.
Ушул Макулдашууну турмушка ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу уюмдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Россия Тараптан - «Газпром» ачык акционердик коому;
Кыргыз Тараптан - «Кыргызгаз» ачык акцнонердик коому.
Бул Макулдашууну турмушка ашыруу максатында Кыргыз Тарап төменкүлөрдү камсыздашат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жоопкерчилиги чектелген коом формасында Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун 100 пайыздык туунду коомун уюштуруу, ага ушул Макулдашууга кол коюлган датага карата Кыргьгз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмуна (мындан ары -Компания) таандык болгон бүткүл мүлктү, укуктарды жана таламдарды берүү:
- ушул Макулдашууга кол коюлган датага карата Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюму ишке ашырып жаткан иштин бардык түрлөрүн Компания турмушка ашыруусу жана ушул Макулдашууга кол коюлган датага карата Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюму ээлик кылган, пайдаланган жана (же) тескеген мүлктүн бардык түрлөрүнө жана укуктарга Компания ээлик кылыгпы, пайдаланышы жана (же) тескеши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынган бардык зарыл линензияларды жана уруксатгарды Компания алышы;
- Компаниянын келишимдик мамилелеринин бүткүл комплексин жана финансы-чарбалык ишинин башталышын, анын ичинде табигый газды сатып алуу, өндүрүү, ташуу, сактоо, бөлүштүрүү жагга сатуу чөйрөлөрүндөгү иштерди тариздоо.
Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюму Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын ортосундагы сатып алуу-сатуу келишимине ылайык Компаниянын уставдык капиталындагы наркы 1 (бир) АКШ доллары турган 100 пайыздык үлүштү тикелей сатуу аркылуу Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун менчигине берет.
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму көрсөтүлгөн наркты төлөөгө милдеттенет.
Кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан жер участкалары Компанияга же анын укугун мурастоочуларга акысыз пайдалануу шарттарында берилет.
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму жана анын туунду коомдору Компаниянын уставдык капиталындагы, ошондой эле Компанияга же анын укугун мурастоочуларга таандык болгон. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жогорку басымдагы газ түтуктөрүн, газ бөлүштүрүү станцияларын, компрессордук станцияларды, жер астындагы газ сактагычтарды, скважиналарды Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун туунду коомдоруна гана же блокадалоочу пакеттен кем эмес акциялардын ээси Россия Федерациясы болуп саналган башка юридикалык жактарга сатууга же башкача турдө обочолотууга, күрөөгө коюуга жана (же) алмашууга, өткөрүп берүүгө укуктуу. Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму жана анын туунду коомдору карызды тындыруунун эсебине Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын уставдык капиталындагы, ошондой эле ушул абзацта көрсөтүлгөн, Компанияга же анын укугун мурастоочуларга таандык болгон үлүштү Кыргыз Тараптын макулдугу менен сатууга же башкача кыйыр турдө ээликке берүүгө, күрөөгө коюуга жана (же) алмашууга, башка юридикалык жактарга ишенимдүү башкарууга берүүгө укуктуу.
Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын башка мүлкү, укуктары жана таламдары ушул берененин мурдагы абзацында каралган чектөөлөрсүз эркин болушу, карызды тындыруунун эсебине сатылышы же башкача кыйыр түрдө башкаларга ээликке берилиши, күрөөгө коюлушу жана (же) алмашылышы, Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму же анын туунду коому тарабынан ишенимдүү башкарууга берилиши мүмкүн.
3-берене
Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышына контролдукту Тараптардын мамлекеттеринин төмөнкүдөн компетенттүү органдары шике ашырат:
Россия Тараптан - Россия Федерацясынын Энергетика министрлиги;
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги.
Компетенттүү органдар алмашкан учурда Тараптардын ар бири бул жөнүндө башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу тез арада билдирет.
4-берене
Газ транспорт системаларын өнүктүрүү жана пайдалануу
Компанияга же анын укугун мурастоочуларга таандык болгон газ транспорт системаларын өнүктүрүү табигый газды ташуу жана бөлүштүруү объекттеринин техникалык абалын жүргүзүлгөн эксперттик текшерүүнүн жана баалоонун натыйжаларына таянуу менен иштелип чыккан, Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын башкаруу органдары жактырган жана Кыргыз Тараптын компетенттүү органы менен макулдашылган алардын инвестициялык программаларына ылайык ишке ашырылат.
Тараптар Компанияга же анын укугун мурастоочуларга таандык болгон газ транспорт системаларын пайдалануу үчүн зарыл шарттарды түзүүдө Компанияга же анын укугун мурастоочуларга көмөк көрсөтөт.
5-берене
Компаниянын ишин камсыз кылуу
Компания жана анын укугун мурастоочулар иштин төмөнкүдөй негизги түрлөрүн шике ашырышат:
- Кыргыз Республикасынын аймагына газ берүү;
- газды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында газды жер астында сактоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында газды бөлүштүрүү жана сатуу;
- газды бөлүштүрүүнү жана Кыргыэ Республикасынын керектөөчүлөрүнө берүүнү диспетчердик (операциялык-техникалык) башкаруу;
- газ транспорт жана газ бөлүштүрүү системаларын, газды жер астында сактоо объекттерин жана Кыргыз Республикасынын газ комплексинин инфраструктурасынын башка объекттерин куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу, анын нчннде техникалык тейлөө, диагноз коюу жана оңдоо, ошондой эле тиешелүү сервистик кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасында газ түтүктөрүн жана алар менен байланышкан объекттерди, ошондой эле газды жер астында сактоо объекттерин курууда жана өнүктүрүүдө заказчынын функцияларын ишке ашыруу.
Кыргыз Тарап төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- өзүнүн ыйгарым укуктуу уюму ушул Макулдашуунун алкагында өзүнүн милдеттенмелерин ойдогудай аткарышына;
Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө арналган табигый газды импорттоого Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын өзгөчө укугуна;
- Компания же анын укугун мурастоочулар Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө сатып жаткан газга бааларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын аны сатып алууга, ташууга, сактоого чыгымдарынын жана алардын иши менен байланышкан башка чыгымдардын жана пайданын ченеминин деңгээлинде белгилешине, ал Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун инвестицияларына кирешелуүлүктүн ички ченемин (IRR) Компания уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүшкө Россия Таратын ыйгарым укуктуу уюмунун менчик укугун каттаган датадан тартып 25 жылдын ичинде реалдуу баада (инфляцияны эсепке албастан) кеминде жылдык 12 пайыз өлчөмүндө камсыз кылат;
Компания же анын укугун мурастоочулар Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө сатып жаткан табигый газга бааларды (тарифтерди) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жогоруда баяндалган шарттарды эске алуу менен дайыма (жылына кеминде бир жолу) кайра каран чыгышына;
- газды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчунчү өлкөлөргө ташууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Компанияга же анын укугун мурастоочуларга тандык болгон жер астындагы сактагычтарда табигый газды сактоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кийлигишпөөсүнө;
- Компания же анын укугун мурастоочулар берген табигый газга Кыргыз Республикасынын бюджеттик керектөөчүлөрү толук жана өз учурунда акы төлөшүнө;
- Компания же анын укугун мурастоочулар берген табигый газга Кыргыз Республикасынын башка керектөөчүлөрү толук жана өз учурунда акы төлөшүн камсыз кылууга көмөктөшүүгө;
- чарбакер коомдор жөнүндө колдонулуучу мыйзамдарга ылайык Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын катышуучусуна/катышуучуларына берилген укуктардын көломүн буза турган жана/же кысымга ала турган Компанияны же анын укугун мурастоочуларды башкаруу боюнча агайын укуктарды пайдаланбоого, анын ичинде Компанияны же анын укугун мурастоочуларды башкарууга өзгөчө укукту киргизбөөгө;
- Компаниянын бардык мүлктүк укуктарынын, анын ичинде ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, анын ичинде Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюму Компаниянын пайдасына өткөрүп бере турган газ транспорт системасынын объекттерине ижара укугунун укуктарды мамлекеттнк каттоо жол-жоболорунан жана, эгерде мындай жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынса, тиешелүү мүлктү нотариалдык күбөлөндүрүү жол-жоболорунан өткөнүнө же жоктугуна карабастан жөнөкөй жазуу жүзүндө бул мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып келип чыгышына;
- эгерде төмөнкүдөй каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде гана талап кылынса, ушул берененин мурдагы абзацында көрсөтүлгөн мүлккө Компаниянын мүлктүк укуктарын каттоого;
- Компаниянын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүшкө Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун менчик укуктарын каттоо учуруна карата газ транспорт жана газ бөлүштүрүү системаларынын объекттеринин, газды жер астында сактоо объекттеринин жана Кыргыз Республикасынын газ комплексинин инфраструктурасынын башка объекттеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын колдонуудагы талаптарына шайкеш келишине;
- вертикалдык-интеграцияланган компаниялардын жана/же компаниялардын топторунун алкагында газ тармагындагы иштин ар кандай түрлөрүн, анын ичинде газды казып алууну, магистралдык жана/же бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү аркылуу газды ташууну, газды сактоону, жиберүүнү, сактагычтардан ылгоону, керектөөчулөргө газ берүүнү айкалыштыруу, ошондой эле уюмдардын башкаруу органдарында кызмат орундарын айкалыштыруу укугун;
- Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун жана/же анын туунду коомдорунун Кыргыз Республикасынын аймагындагы катышуу үлүшү өздөрүнө таандык болгон ишканаларды башкаруу органдарынын мүчөлөрүн алардагы ушундай катышуу укугуна ылайык номинациялоо укугун.
Кыргыз Тарап Компания же анын укугун мурастоочулар демейки чарбалык иште колдонгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырын түзбөй тургандыгына кепилдик берет.
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- Компаниянын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүшкө Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун менчик укугу катталган датадан тартып беш жылдын ичинде Компанияга таандык болгон газ инфраструктурасын өркүндөтүүгө жана реконструкциялоого кеминде 20 млрд. рубль өлчөмүндөгү инвестиция жумшоого;
- Компаниянын жабдууларын жана магистралдык газ түтүктөрүн өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Тарап беките турган тариф саясатын сактоого;
- табигый газдын Кыргыз Республикасына транзити үчүн колдо болгон техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн табигый газды үзгүлтүксүз берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн табигый газды түзүлгөн контракттарда каралган көлөмдөрдө кепилденген түрдө берүүгө;
- эмгек акы, иш менен камсыз кылуунун деңгээли, социалдык чөйрө объекттерин пайдалануу жагынан социалдык программага;
- табигый газды сатуунун ички рыногун кеңейтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салган мыйзамдарынын ченемдерин сактоого.
6-берене
Инвестициялардын кепилдиктери
Тараптар өз ара инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулушат.
Кыргыз Тарап Россия Тараптын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу уюмунун жана анын туунду коомдорунун инвестицияларына байланышкан төлөмдөрдү, атап айтканда. төмөнкүлөрдү чет өлкөгө тоскоолдуксуз которууга кепилдик берет:
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун жана анын туунду коомдорунун баштапкы инвестицияларынын суммаларын жана инвестицияларды колдоо жана көбөйтүү үчүн кошумча суммаларды;
- ушул Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин туунду коомдордун ишинен алынган кирешелерди, анын ичинде дивиденддерди;
- инвестицияларга тиешелүү карыздарды тындыруу үчүн төлөнүүчү суммаларды;
- инвестицияларды жарым-жартылай же толук сатууга байланыштуу Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму алган суммаларды;
- ушул беренеде каралган компенсацияларды.
Кыргыз Тарап Россия Тараптын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу уюмунун жана анын туунду коомдорунун инвестициялары жана алардын кирешелери (инвестициялардын натыйжасында алынган суммалар, атап айтканда, пайда, дивиденддер, пайыздар, лицензиялык жана комиссиялык акылар, ошондой эле ар кандай башка акылар) Кыргыз Pеспубликасынын толук жана анык коргоосунда болуп жана экспропрацияланбай, улутташтырылбай тургандыгына кепилдик берет, буга мындай чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук кызыкчылыктары үчүн көрүлгөн учурлар кирбейт.
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун жана анын туунду коомдорунун мүлктү ушундай экспроприацияланган, улутташтырылган жана укуктары менен таламдары башкача ажыратылган учурда Кыргыз Тарап мындай мүлктүн, укуктардын жана таламдардын наркын алардын толук рыноктук наркы боюнча көз карандысыз баалоочу аныктаган АКШ доллары менен тез арада компенсациялоого, бирок жүргүзүлгөн инвестицялардан төмөн эмес өлчөмдөрдө жана мүлктү, укуктарды жана таламдарды экспроприациялоо, улутташтыруу же алардан ажыратуу фактысын жана мындай факт мүлктүн, укуктардын жана таламдардын рыноктун наркын баалоого таасир этиши мүмкүн болгон терс натыйжаларды эске албастан баалоо жүргүзүлгөн шарттарда компенсациялоого милдеттенет.
Мүлктү, укуктарды жана таламдарды, анын ичинде Компанияга же анын укугун мурастоочуларга таандык болгон ушуларды көрсөтүлгөн экспроприациялоо, улутташтыруу боюнча Кыргыз Тарап менен Россия Тараптын ортосунда арбитраждык териштирүү башталган учурда Кыргыз Тарап жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму ушул Макулдашуудан келип чыккан талаштар карап чыгууга өткөрүп берилген арбитраждын юрисдикциясына баш ийүүгө милдеттенишет.
7-берене
Стабилдештирүүчү эреже
Кыргыз Тарап ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 25 жыллык мезгилдин ичинде Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун, Компаниянын жана алардын тиешелүү укук мурастоочуларынын ушул Макулдашуудан келип чыккан укуктары, Тараптардын өз ара макулдугу болмоюнча, өзгөргүүлөргө, алый коюуга же кыскартуута дуушарланбай тургандыгына кепилдик берет.
Кыргыз Тарап ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 25 жылдык мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын эч бир ченемдик укуктук актылары чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жыйымдарды белгилөө, ушундай натыйжасы бар жаңы салыктарды жана/же жыйымдарды киргизүү же колдонулуп жаткандарынын ставкадарын көбөйтүү, Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун. Компаниянын жана алардын тиешелүү укук мурастоочуларынын ишине ар кандай тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү киргизүү, Компаниянын же анын укугун мурастоочулардын кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан жер участкаларын пайдалануу шарттарын ушул Макулдашууга кол коюлган датага карата колдонулган шарттарына салыштырганда өзгөртүү аркылуу Компаниянын жана анын укугун мурастоочулардын финансылык милдеттенмелерин көбөйтүү жана/же экономикалык абалын начарлатуу жагынан Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун, Компаниянын жана алардын тиешелүү укук мурастоочуларынын укуктарын өзгөртпөөгө жана/же жокко чыгарбоого жана/же укуктарын башкача түрдө кысымга албоого кепилдик берет, буга акциздик салык, кошумчаланган нарк салыгы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр кирбейт.
Эгерде ушул беренеде баяндалгандарга карабастан, бул Макулдашууга кол коюлган датадан тартып 25 жылдык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кайсы бир ченемдик укуктук актысы Россия Тараптын, Компаниянын ыйгарым укуктуу уюмунун жана алардын ушул Макулдашуу боюнча тийиштүү укук мурастоочуларынын укуктарын өзгөртсө, жокко чыгарса же башкача түрдө кысымга алса, ушул Макулдашууга кол койгон датага карата колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шарттары колдонулат.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып Компания жана анын тийиштүү укук мурастоочулары үчүн кирешеге салыктын ставкасы 25 жылга 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Жактардын белгисиз чөйрөсү үчүн кирешеге салыктын ставкасынын алда канча төмөн деңгээлин белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурда Компаниянын жана анын тийиштүү укук мурастоочуларынын кирешелерине салык төмөндөтүлгөн ставка боюнча салынат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кирешеге салыктын ставкасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
8-берене
Тараптардын кызматташтыгы
Тараптар газ чөйрөсүндөгү кызматташтыкты ар тараптан кеңейтишет жана тереңдетишет, чарбакер субъекттердин андан аркы интеграциясына жана бирдей шарттардын түзүлүшүнө көмөктөшөт.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрөт: газ тармагында жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди биргелешип жүргүзүү, техникалык жактан жөнгө салуу.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташтыкка тиешелүү ченемдик укуктук актылардын тексттерин алмашат.
Ар бир Тарап газ тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча өзүнүн карамагында болгон маалыматтарды башка Тарапка ал маалыматтар купуя мүнөзгө ээ болбогон жана ушул маалыматты берген Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына карама-каршы келбеген шартта берет.
9-берене
Талаштарды чечүү
Бир Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда ушул Макулдашууну колдонууга жана андан келип чыккан милдеттенмелерди аткарууга тиешелуү талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Эгерде талаш 6 айдын ичинде ушундай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилбесе, ал талаш Бириккен Улуттар Уюмунун Комиссиясынын 2010-жылдагы редакциясындагы Эл аралык соода укугу боюнча Арбитраждык регламентине (ЮНСИТРАЛ) ылайык ad hoc эл аралык арбитражында чечилүүгө тийиш. Арбитраждык соттун жыйыны Стокгольм шаарында өтөт жана орус тилинде жүргүзүлөт. Арбитраждык талаш боюнча соттун чечими Тарап жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу жагынан Тараптар ортосундагы талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Эгерде сүйлешүүлөр башталган датадан тартып 6 айдын ичинде талаш жөнгө салынбаса, ал Тарантардын биринин талабы боюнча бейтарап соттун кароосуна өткөрүлүп берилет.
Бейтарап сот ар бир учур үчүн өзүнчө түзүлөт, ал үчүн ар бир Тарап бейтарап териштирүү жөнүндө билдирмени алган датадан тартып 2 айдын ичинде бейтарап соттун бирден мүчөсүн дайындайт. Андан кийин соттун ушул 2 мүчөсу алар дайындалган датадан тартып бир айдын ичинде үчүнчү өлкөнүн жаранын шайлашат, ал эки Тараптын макулдуту боюнча бейтарап соттун төрагасы болуп дайындалат.
Эгерде, ушул берененин төртунчү абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө зарыл дайындоолор жүргүзүлбөсө, башка макулдашуу жок болсо ар кандай Тарап ушундай дайындоолорду жүргүзүү өтүнүчү менен Эл аралык Соттун төрагасына кайрыла алат. Эгерде Эл аралык Соттун төрагасы Тараптардын биринин мамлекетинин жараны болсо же кандайдыр бир башка себептер боюнча көрсөтүлгөн өтүнүчтү аткара албаса, зарыл дайындоолорду жургүзүү Эл аралык Соттун төрагасынын орун басарына сунушталат. Эгерде Эл аралык Соттун төрагасынын орун басары да Тараптардын биринин мамлекетинин жараны болсо же кандайдыр бир башка себептер боюнча көрсөтүлгөн өтүнүчтү аткара албаса, зарыл дайындоолорду жүргүзүү даражанын чоңдугу боюнча андан кийин турган, бир Тараптын да мамлекетинин жараны болбогон Эл аралык Соттун мүчөсүнө сунушталат.
Бейтарап сот өз чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Бул чечим Тараптар үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат. Ар бир Тарап ал дайындаган соттун мучөсүнүн иш-аракеттери менен жана бейтарап териштирүүдөгү өзүнүн өкүлчүлүгү менен байланышкан чыгымдарды өзү төлөйт. Тараптар бейтарап соттун төрагасынын иш-аракеттерине байланышкан чыгымдарды, ошондой эле башка чыгымдарды бирдей үлүштө көтөрөт. Бирок бейтарап сот өз чечиминде Тараптардын бири чыгымдардын көбүрөөк үлүшүн көтөрө тургандыгын караты мүмкүн, ушундай чечимди эки Тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
Бейтарап сот өз иш тартибин өз алдынча бекитет.
10-берене
Иммунитеттен баш тартуу
Ушул Макулдашууну аткаруунун алкагында жургүзүлүп жаткан иш-аракеттерге жана аны аткарууга тиешелүү талаштарга байланыштуу Тараптар ушуну менен эл аралык укукка же кайсы бир мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнө жана өзүнүн менчигине карата пайдалануучу бардык иммунитеттерден сөзсүз жана айныксыз баш тартышат (бардык кирешелерди, активдерди жана мүлктү кошкондо). Иммунитеттерден мындай баш тартуу ар кандай мамлекеттин улуттук сотторунун же эл аралык соттук (арбитраждык) инстанциялардын юрисдикциясына иммунитеттен, соттук (арбитраждык) чечим чыгарылганга чейин мажбурлоочу чараларга (анын ичинде өндүрүп алуу же менчикти арестке коюу сыяктуу чараларга) иммунитеттен, соттук (арбитраждык) чечим чыгарылгандан кийин мажбурлоочу чараларга иммунитеттен (анын ичинде өндүрүп алуу, арестке алуу жана чечимди аткаруу) баш тартууларды камтыйт (бирок чектелбейт).
Иммунитеттерден ушул баш тартуу Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү, консулдук мекемелериндеги, эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрундөгү же эл аралык уюмдардын органдарындагы, же эл аралык конференциялардагы делегацияларынын функцияларды аткаруусуна жана аларга тиешелүү адамдарына карата пайдалануучу артыкчылыктары менен иммунитеттерине, ошондой эле эл аралык укукка ылайык мамлекет башчыларына берилчү иммунитеттерге зыян келтирбейт.
11-берене
Корутунду жоболор
Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча алышкан датадан тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 25 жылдык мезгилге түзүлөт. Бул Макулдашуунун күчү, эгерде баштапкы же ар кандай кийинки мезгил аяктаганга чейин кеминде 1 жыл мурда Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун күчүн токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Макулдашуунун күчү токтотулганга чейин Тараптар төмөнкүлөрдү караган тартипти белгилешет:
Компаниянын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүштү, ага таандык болгон, анын ичинде жаңыдан пайдаланууга киргизилген газ транспорт системасын жана магистралдык газ түтүктөрүн, ошондой эле Компанияга таандык болгон башка мүлктү, укуктарды жана таламдарды Кыргыз Тараптын менчигине берүүнү;
Макулдашууну токтотуу фактысын жана мындай факт көрсөтүлгөн үлүштүн, мүлктүн, укуктардын жана таламдардын рыноктук наркына таасир этиши мүмкүн болгон терс натыйжаларды эске албастан баалоо жүргүзүлгөн шартта көрсөтүлгөн үлүштүн, мүлктүн, укуктардын жана таламдардын наркын ушул Макулдашуунун күчү токготулган датага карата алардын толук рыноктук наркы боюнча АКШ доллары менен Кыргыз Тарап Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун пайдасына компенсациялоосун.
Тараптар ушул беренеде жогоруда көрсөтүлгөн тартипти белгилегенге чейин Компаниянын ишине карата ушул Макулдашуунун жоболору колдонулат.
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга Макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуучу жана тиешелүү протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мумкүн,.
2013-жылдын «_______»____________________________шаарында ар бир орус
жана кыргыз тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикадык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн __________________________ | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн _________________________ |