Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 234-б
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында, "110/10 кВ көмөк чордонду жана 110 кВ жогорку вольттогу электр чубалгысын куруу менен Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак жай массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн кредитинин каражаттарынын эсебинен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 5000000 (беш миллион) АКШ доллары өлчөмүндө зайымдык каражаттарды берсин;
- зайым каражаттарын төмөнкүдөй шарттарда кайтарып берүү боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен белгиленген тартипте карыздык милдеттенме түзсүн:
зайым каражаттарын төлөө мөөнөтү - 20 жыл, 7 жыл жеңилдетилген мезгил берүү менен;
негизги бересе боюнча төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 15-сентябрда жана 15-мартта, 2019-жылдын 15-сентябрынан баштап 2032-жылдын 15-мартында аяктайт;
пайыздык коюм - колдонулган жана төлөнбөгөн суммага эсептөө жылына 2 пайызды түзөт;
пайыздар 2013-жылдын 15-сентябрынан баштап, 15-сентябрда жана 15-мартта төлөнөт;
мөөнөтү өткөн төлөмдөргө айып жылына 6 пайыз өлчөмүндө.
2. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна сунушталсын:
- "110/10 кВ көмөк чордонду жана 110 кВ жогорку вольттогу электр чубалгысын куруу менен Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак жай массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча тапшырыкчынын функциясы менен аткаруучу агенттик катары чыгуу;
- карыздык милдеттенмесинин шарттарына ылайык кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана алардын өз убагында кайтарылышын камсыздоо.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана карыздык милдеттенмесинин шарттарын аткаруу боюнча ишин контролдоону белгиленген тартипте ишке ашырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |