Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 240-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги,
достук мамилелерди түзүүнүн жана кызматташууну бекемдөөнүн зарылдыгын эске алышып, финансы жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын көрсөтүшүп,
теңдештик жана өз ара пайданын негизинде Тараптардын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты андан ары илгерилетүүгө ниеттенишип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар финансы жаатында кызматташтыкты Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде финансы жаатында маалыматты, мыйзамдарды, ошондой эле бюджетти аткаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу, бухгалтердик жана бюджеттик эсеп, финансылык жана бюджеттик отчеттуулук, аудитордук иш, өкмөттүк жана кепилденген мамлекеттик карызды башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тажрыйбаны, ошондой эле эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу боюнча тажрыйбаны алмашышат.
Тараптар өз ара жакшы түшүнүшүүнү илгерилетүү жана Тараптардын кызматкерлери ортосунда тыгыз ишкер мамилелерди колдоо үчүн биргелешкен жолугушууларды, консультацияларды өткөрүүгө өбөлгө түзүшөт.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды Тараптардын өлкөлөрүнүн улуттук бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрүшөт.
4-берене.
Бул Меморандум Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
5-берене.
Бул Меморандумду колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу талаш маселелер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилет.
6-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет, беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бирөө да жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча Меморандумдун аракетинин кезектеги мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурун Меморандумдун аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети жөнүндө башка Тарапка билдирбесе ар бир беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
_____________ шаарында "__" ________-жылдын "__" _____________ үч нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, орус жана казак тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө боюнча талаштар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
| Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |