Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б буйругуна 2-тиркеме |
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссияны (мындан ары - Комиссия) уюштуруунун жана анын иштөө тартибин белгилейт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча жумуштарды координациялоо жана жетектөө максатында түзүлгөн ведомстволор аралык орган болуп эсептелет.
3. Комиссия өз ишин кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жүргүзөт.
4. Комиссиянын негизги милдеттери 2014-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурууну камсыздоо болуп эсептелет.
5. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча уюштуруу принциптерин, методологиясын жана календардык планын карап чыгат жана бекитет;
- календардык планда каралган жасалган иштердин жүрүшү жөнүндө отчетторду айыл чарба каттоосун уюштурууга жана өткөрүүгө тартылган министрликтерден жана администрациялык ведомстволордон кабыл алат;
- өткөрүлгөн пилоттук (сынам) айыл чарба каттоосунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты угат жана тикелей каттоону өткөрүүгө болгон даярдыктын деңгээлин аныктайт;
- айыл чарба каттоосун жүргүзүү жана маалыматтарды иштеп чыгуу этаптарынын мониторинги жөнүндө маалыматтарды угат.
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан айыл чарба каттоосун уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- айрым проблемалар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн белгиленген тартипте убактылуу жумушчу топторду түзүүгө, адистерди жана эксперттерди, анын ичинде илимий мекемелерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- айыл чарба каттоосун даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан сарптоолорду жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартуу бөлүгүндө эл аралык уюмдар менен кызматташууга;
- Комиссиянын алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн башка зарыл иш аракеттерди жүргүзүүгө.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Комиссиянын аткаруучу органы болуп саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун, зарыл маалымдамалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ошондой эле Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоону жүргүзөт.
8. Комиссиянын отурумдарын өткөрүү мөөнөттөрү Комиссиянын төрагасынын, ошондой эле Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн демилгеси боюнча аныкталат.
9. Комиссиянын отуруму протокол менен таризделет жана эгер анын курамынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу болуп эсептелет.
10. Комиссиянын чечими Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
11. Комиссия тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.
12. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Комиссиянын иш планын, отурумдарды өткөрүү графигин жана ар бир отурумдун күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын отурумдарын өткөрөт;
- Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштурууну камсыздайт.