Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 242-б
"Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун өз убагында даярдоо жана сапаттуу өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, Республикалык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Республикалык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.