Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-июну № 245-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Жакипов Ж.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Иминов М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Мамбетсеитов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Сейдалиева М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын начальниги. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомунан келип чыккан маселелерди карасын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин координациялоону жана уюштуруучулук камсыздоону камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |