Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 3111-V
Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 2974-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү аныктады.
Оор оорусуна байланыштуу камактагы А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга жана эркиндигинен ажыратылган жерден бошотууга, аны бошотууга алып келген чыныгы шарттарга, ошондой эле аны бошоткондон кийинки жагдайларга тийиштүү комиссиянын кароосуна берилген документтерди жана материалдарды иликтөө жана талдоо Кыргыз Республикасынын жазаны аткаруу кызматынын, сот бийлигинин жана башка мамлекеттик органдарынын айрым жетекчилери тарабынан алдын-ала дыкат пландаштырылгандыгын жана уюштурулгандыгын айгинелеп турат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Акыйкатчынын (Омбудсмен) алдын-ала бүтүмүсүз А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан тез бошотулушу жана андан ары Кыргыз Республикасынын чегинен учуп кетүүсү мүмкүн эмес болчу.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу жана Жазык-процесстик кодекстерине ылайык жазаны өтөө органынын сунуштамасы боюнча сот оор оорусуна байланыштуу камактагыны жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу, бирок милдеттүү эмес, анткени акыйкат чечимди кабыл алуу үчүн сот камактагынын оңолушу үчүн өзгөчө мааниге ээ, рецидивдик кылмышты алдын алуу, жазанын максатына жетишүүгө көмөктөшүү багытында жасалган кылмыштын оорчулугун, камактагынын инсандыгын жана башка шарттарды (камактагынын мүнөздөмөсүн, анын жүрүм-турумун жана белгиленген ички эрежеге, тартипке жана режимге жазаны өтөө учурундагы мамилесин ж.б.) эске алууга тийиш эле.
Бирок бул учурда кодекстерде белгиленген норма сот жана жазаны аткаруу органдары тарабынан сакталган эмес жана толук түрдө четке кагылган. Ошонун кесепетинен, ошондой эле тийиштүү прокурордук көзөмөлдүн жана таасир этүү чараларынын жоктугунан, камактагы А.Батукаев эркиндигинен ажыратылган жерден мыйзамсыз жана токтоосуз түрдө бошотулган, буга жол берилбеш керек болчу, анткени ал терс кесепеттерди жаратып, коомдук жана саясий резонанска ээ болуу менен аткаруу жана сот бийлигинин аброюна, мамлекеттүүлүккө орду толгус көлөкө түшүрдү.
А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн бошотууда аткаруу бийлик системасына кирген мамлекеттик органдар - ИИМ, ГСИН, МКК жана Саламаттыкты сактоо министрлиги негизги роль ойношкондугун белгилөө зарыл.
Өлкөнүн Премьер-министринин иштерди так жетекчиликке алуусунун жана координациялоосунун жоктугу Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ГСИН, ошондой эле МКК жетекчилери башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен камактагы А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу боюнча бүтүмгө киришине мүмкүнчүлүк түздү жана Өкмөттүн негизги милдет-максаттарына - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда бекемделген мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууга каршы барууга түрттү.
А.Батукаевди жаза өтөөдөн мыйзамсыз жана негизсиз бошотулгандыгы жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши үчүн өтө ыңгайлуу, ал турсун комфорттуу шарттардын түзүлгөндүгү үчүн укук коргоо органдарынын жана күч структураларынын ишин координациялаган вице-премьер-министр Ш.Атаханов саясий жана моралдык жоопкерчиликти тартууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Батукаевдин эркиндигинен ажыратылган жерден бошотулушун жана анын республиканын чегинен тышкары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө маселеси боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Шердин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин начар иши: камактагы А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жана эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу боюнча жүйөлөштүргөн бөлүктө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым жетекчилеринин бүтүмгө киришине мүмкүнчүлүк берген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин так жетекчиликке алуу жана координациялоо жоктугу көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Акыйкатчы (Омбудсмен) Турсунбек Акунду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе мыйзамда белгиленген тартипте демилгеленсин.
4. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Нарын шаардык сотунун төрагасы Ж.Эрматовду жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешине сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 10 күндүк мөөнөттө төмөндөгү маселелерди карасын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык вице-премьер-министр Ш.Атахановду, Ички иштер министри А.Суранчиевди, Саламаттык сактоо министри Д.Сагинбаеваны ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуштаманы Президентке киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык ГСИНдин төрагасы З.Рысалиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу;
- Ички иштер министринин орун басары Ф.Усеновду, Саламаттык сактоо министрлигинин гематология боюнча кыргыз илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Э.Макимбетовду, ГСИНдин төрагасынын кеңешчиси К.Качкыналиевди, ГСИНдин медициналык-санитардык камсыз кылууну уюштуруу башкармалыгынын начальниги А.Асановду, № 24 (Нарын шаарындагы 4-СИЗО) мекемесинин начальниги Р.Касымалиевди, № 24 (Нарын шаарындагы 4-СИЗО) мекемесинин начальнигинин орун басарынын милдетин аткаруучу - улук оперуполдомочу Т.Абылгазиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна төмөндөгүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентине Башкы прокурордун орун басары Л.Усманованы ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуш киргизүү;
- түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор М.Акматалиевдин, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурордун жардамчысы К.Жуматаевдин жоопкерчиликтери жөнүндө маселени кароо.
7. Башкы прокуратурага:
- камактагы А.Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн мыйзамсыз жана негизсиз бошотууга жана анын Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетүүсүн камсыз кылууга катыштыгы бар кызмат адамдарына карата юридикалык баа берүү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын;
- ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кеч эмес мөөнөттө ушул пункттун экинчи абзацынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев), ошондой эле Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Э.Ж.Алымбеков) жүктөлсүн.
Жогорку Кеңештин Төрагасы | А.Жээнбеков
|