Редакцияот 12.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 12-июну № 248-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 975-V "Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык аймагынын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча практикалык жардам көрсөтүү жана автотранспорт каражаттарынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттарды төмөнкүлөргө пайдаланууга уруксат берилсин:

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду оңдоо үчүн долбоордук-сметалык документти даярдоого;

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду долбоордук-сметалык документке ылайык, 2013-2014-жылдары оңдоого.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев