Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры № 975-V
Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Курманжан Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн телчигишине кошкон зор салымын жана анын Россия жана Борбордук Азия мамлекеттери менен достук мамилелерди түзүүдөгү тарыхый ролун эске алып, ошондой эле маданий мурасты сактап калуу жана байытуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 378 жарлыгы менен 2011-жыл Курманжан Датка жылы деп жарыяланган.
Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш.Атамбаевдин жетекчилиги астында Улуттук уюштуруу комитети түзүлүп, ал тарабынан юбилейлик иш-чаралардын программасы иштелип чыккан жана бекитилген. Азыркы убакта республиканын министрликтери, ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелери жана уюмдары тарабынан ар кыл иш-чаралар өткөрүлүүдө. Белгиленген бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобого толуктоолор киргизсин. Чыгаан мамлекеттик ишмерлерди сыйлоо үчүн "Курманжан Датка" орденинин статусун жана баяндамасын иштеп чыгып, бекитсин;
- мамлекеттүүлүктү, улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн дүйнөнүн чыгаан саясатчы аялдарын сыйлоо үчүн Курманжан Датка атындагы эл аралык сыйлык уюштурсун.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Бишкек жана Ош шаарларында Курманжан Датка атындагы тарыхый агартуу жана патриоттук тарбия берүү борборлорун түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек жана Ош шаарларындагы Курманжан Датканын эстеликтерин ремонттоону жүргүзсүн;
- Курманжан Датканын эстелигин орнотуу менен Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы "Жеңиш" эс алуу сейил багына Курманжан Датканын ысымын ыйгарсын;
- Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы К.Маркс атындагы мектепти Курманжан Датка атындагы мектеп деп кайрадан атасын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги:
- "Кыргызстан авиакомпаниясы" ААКсынын аба кемелеринин бирине Курманжан Датканын ысымын ыйгарсын;
- Сары-Мазар көрүстөнүндөгү Курманжан Датканын күмбөзүнө багыт алган жолдорду ремонттоону, ошондой эле Алай районунун Гүлчө, Сопу-Коргон, Мурдаш жана Ак-Терек айылдарын бириктирүүчү жолдорду куруу менен ремонттоону эң кыска мөөнөттө аяктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Алай районунун ат майданын жана стадионун ремонттоого 7 млн. сом, жолдорун ремонттоого жана курууга 10 млн. сом бөлүп берүүнү камсыз кылсын жана аларды каржылоону "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булак усулу менен подряддык уюмдарды аныктап жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш.Атамбаев тарабынан 2011-жылдын 1-июлунда бекитилген Курманжан Датка жылына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн программасынын 50-пунктунда каралган иш-чараларды каржылоого 20 млн. сом бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин (программа тиркелет);
- Алай районун Гүлчө, Сопу-Коргон, Мурдаш жана Ак-Терек айылдарын бириктирүүчү жолдорду курууну жана ремонттоону аяктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
5. Ош областтык мамлекеттик администрациясы, Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция өтүп жаткан жылдын 30-сентябрына чейин Алай районунун жолдорунун долбоорлоо-эксплуатациялык жана курулуш жумуштарын, стадионун, ат майданын ремонттоону жана Курманжан Датка музейин ремонттоону тиешелүү сапатты камсыз кылуу менен аяктоо боюнча бардык чараларды көрсүн.
6. Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш.Атамбаев тарабынан 2011-жылдын 1-июлунда бекитилген Курманжан Датка жылына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн программасынын 5-11, 13, 14, 16, 20, 30, 31, 38, 39-пункттары менен каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана каржыланышын камсыз кылсын;
- өткөрүлгөн иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова), ошондой эле Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Ү.Жапаров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|