Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 14-июну № 251-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 342-V токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы) акционерлеринин жалпы жыйналышынын кароосуна "Кыргызтелеком" ААКынын филиалынын базасында "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомун (мындан ары - "ТРРМ РӨБ" ААКы) анын уставдык капиталына "Кыргызтелеком" ААКнын 100 пайыз үлүштүк катышуусу менен түзүү боюнча маселени белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте "Кыргызтелеком" ААКынын акционерлеринин жалпы жыйналышынын чечиминин негизинде "ТРРМ РӨБ" ААКыны түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- зарыл болгон учурда бул буйрукту ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |