Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 21-июну № 254-б
Кыргыз Республикасынын студенттик командаларын Казань шаарында (Орусия Федерациясы) өтө турган 2013-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк универсиадага ийгиликтүү даярдоону жана катышуусун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын студенттик командаларын Казань шаарында (Орусия Федерациясы) өтө турган 2013-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк универсиадага катышуу үчүн даярдоону камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- Казань шаарында (Орусия Федерациясы) өтө турган 2013-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк универсиадага (мындан ары - Бүткүл дүйнөлүк универсиада) спортчуларды даярдоонун жана катышуусунун негизги маселелери боюнча жумушчу кеңешмелерди жума сайын өткөрсүн;
- Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерине бир жолку акчалай сыйлык берүүнүн суммасын аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын студенттик курама командаларынын Бүткүл дүйнөлүк универсиадага даярдоо жана катышуу боюнча чыгымдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылга смета боюнча каралган каражаттарынын, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын федерацияларынын, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун атайын каражаттарынын, ошондой эле демөөрчүлөрдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясы жана Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирдикте:
- курама командалардын даярдыгын керектүү контролдоону камсыз кылышсын, алардын курамына өзгөртүүлөрдү ыкчам киргизишсин;
- курама командалардын машыгуулары өтүүчү жерлерди аныкташсын жана бекитишсин, республиканын курама командаларынын мүчөлөрүнүн сапаттуу даярдануусун камсыз кылуу үчүн спорттук базаларды зарыл инвентарлар жана шаймандар менен жабдуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Бүткүл дүйнөлүк универсиадага даярдануу жана катышуу планына ылайык Кыргыз Республикасынын курама командаларына зарыл шарттарды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте курама командалардын зарыл дары-дармек каражаттарына болгон талаптарын аныкташсын жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууну ишке ашырышсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте республиканын спорттук делегациясын Казань шаарына (Орусия Федерациясы) жеткирүүнү камсыз кылышсын.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Бүткүл дүйнөлүк универсиадага республиканын курама командаларынын даярдыгынын жүрүшүн жана катышуусун чагылдыруу сунушталсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-июнундагы № 254-б буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрайымы; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары; |
Саралинов М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Абдылдаев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Сагинбаева Д.З. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы "Жаштык" спорттук-массалык жана ден соолукту чыңдоо иштери боюнча республикалык борбордун директору (макулдашуу боюнча); |
Саралинов М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Касенов Ш.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлор кеңешинин төрагасы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Дүйшөналиев Т.Б. | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Т.Т. | - | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Исамидинов И.Ч. | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Нифадьев В.И. | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев А.И. | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Исаков К.А. | - | Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Абидов А.О. | - | М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору (макулдашуу боюнча). |