Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июну № 259-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28-февралындагы № 150/40/6 токтому менен бекитилген 2011-2015-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Дүйнөлүк банк тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын улуттук коргоо жана финансылык сабаттуулук боюнча изилдөө өткөрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде Кыргыз Республикасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана аны ишке ашырууга карата программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (макулдашуу боюнча), башка мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин өкүлдөрүн ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 259-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча).