Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-сентябры ПБ № 141
1. Кыргыз Республикасы менен Парагвай Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Кыдыров Таалайбек Тургумбаевичке жогоруда аталган Коммюникеге кол коюууга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |