Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-марты № 98
"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамга "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору А.К.Касмалиев киргизилсин;
- "Цурков В.Е.", "Касымов Ч.К.", "Жолчиев М.С." позициялары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды катгоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;
Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери,".
Премьер-министри | И.Чудинов |