Загрузка документа…
1. Делегациянын уюштуруу иш-аракети мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү жагындагы иш-чаралардын планынын негизинде жүргүзүлөт.
Делегацияга жетекчиси башчылык кылат, ал жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Делегациянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын аймагында Биргелешкен комиссиянын жыйындарын жана жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү жөнүндө, Казакстан Республикасына иргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жана жумушчу топтун мүчөлөрүн иш-сапарга жиберүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен азакстан Респубикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын ишине катышууга министрликтердин жана ведомстволордун адистерин ишке тартуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №472,
2010-жылдын 25-ноябрындагы №304, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 178
токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Делегация кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялообоюнча төмөнкү нормативдик документтерди иштеп чыгат: - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундамамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссия жөнүндөЖобону; - Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясын чегаралык белгилерменен белгилөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы; - Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегаранын чегаралык сууларында гид-рографиялык иштер боюнча нускаманы; - Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүнсүрөттөө-протоколун түзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы; - Биргелешкен комиссиянын жана жумушчу топтордун иш-аракетин жөнгөсалуучу башка документтерди. 3. Делегация казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундамамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кура-мында пленардык заседаниелер формасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт; - зарылдыгына жараша делегациялардын жетекчилеринин жолугушуула-рын, комиссия мүчөлөрүнүн заседаниелерин, делегациялардын жумушчу топ-торунун жана эксперттеринин жолугушууларын өткөрөт; - сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундунун күн тартибин аныктайт; - сүйлөшүүлөрдүн ар бир раундунун жыйынтыгы боюнча делегациялардынжетекчилери же алардын орун басарлары кол коюучу протоколдорду түзөт; - казакстан тарап менен макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектегираунду жөнүндө басма сөз үчүн билдирүү даярдайт; - казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жашырындуулугун сактайт; - демаркация маселелери боюнча кат-кабарларды берүү жана алуу, до-кументтерди жеткирүү жана сактоо боюнча зарыл шарттарды камсыз кылат. 4. Демаркациялык иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндө Делегация: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоону ишкеашырат; - келишимге ылайык жеринде кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара ли-ниясынын өтүшүн белгилейт; - 1998-2001-жылдардагы делимитациялоо мезгилинде кыргыз жана казактараптар түзгөн 1:50000 масштабынын топографиялык картасынын негизиндемамлекеттик чегараны демаркациялоону ишке ашырат. Жер-жерлерде айкынөзгөртүүлөр болгон учурда картага тиешелүү оњдоолорду киргизет; - борбордук жана жергиликтүү аткаруучу органдар менен макулдашуубоюнча мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча жумушчу топ түзөт жанаалардын ишин контролдойт, жумушчу топтор берген документтерди карайт,текшерет жана бекитет. Жумушчу топторунун саны жана курамы тиешелүү ми-нистрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволорменен макулдашкандан кийин Делегациянын жетекчиси тарабынан бекитилет; - жумушчу топтордун иш-аракеттерин координациялайт жана алардыништешин камсыздайт, алардын иш-аракетинин принциптерин, максатын жанамилдеттерин аныктайт; - жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акты-ларынын талаптарын, ошондой эле Келишимди сакташын контролдойт; - демаркациялоо процессинде жумушчу топтордо келип чыгуучу маселе-лерди чечет; - чегара белгилерин так орнотууга жана жерди даярдоо сапатынаконтролдук жүргүзөт; - мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча иш өндүрүшү үчүн чега-ра белгилерин даярдоону жана материалдык-техникалык каражаттардыберүүлөрдү контролдойт; - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын тиешелүү ми-нистрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомство-лору менен бирдикте мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча жумушчутоптордун техникалык персоналын кызматтык жайлар менен камсыздайт. 5. Делегациянын жетекчиси: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарында, ме-кемелеринде, ошондой эле Казакстан Республикасынын тиешелүү органдарыменен мамилелерде Делегациянын атынан чыгат; - Делегация мүчөлөрүн республиканын ичине, ошондой эле КазакстанРеспубликасына, ал эми зарыл учурларда мамлекеттик чегараны демаркция-лоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган башка адистерди жана эксперт-терди командировкага жиберет; - демаркациялык иштерди аткаруу үчүн бөлүнгөн финансы каражатынбөлүштүрөт; - мамлекеттик чегараны демаркациялоого тиешелүү документтерге бел-гилеген тартипте кол коет жана берет. 6. Жумушчу топ өз иш-аракетинде: - нормативдик укуктук актылардын гана талаптарына ылайык жер-жер-лерде кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүн белгилейт; - гидрографиялык өлчөө материалдары боюнча мамлекеттик чегара ли-ниясы үчүн кабыл алынган дарыянын суу агымынын ортосун же анын башкынугундагы суу агымынын так ортосун аныктайт; - жасалган иштери тууралуу Делегациянын алдында отчет берет; - демаркациялык иштердин жүрүшүндө келип чыккан, жумушчу топтордундењгээлинде чечилбеген проблемаларды Делегациянын кароосуна берет. 7. Демаркациялык иштердин жыйынтыгы боюнча делегация төмөнкүдөйдокументтерди мыйзамдарга ылайык бекитүүгө берет: - кыргыз-казакстан мамлекеттик чегара линиясынын өтүшүнүнсүрөттөлүш-протоколун; - сүрөттөө-протоколго тиркелүүчү мамлекеттик чегара линиянынсүрөттөлүшү менен 1:50000 масштабдагы картаны жана чегара белгилерин; - чегара белгилеринин протоколдорун, чегара белгилерин геодезиялыканыктоо схемаларын; - чегара белгилеринин координаттарынын жана бийиктигинин каталог-дорун; - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундамамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын ишитууралуу корутунду протоколду. III. Делегациянын финансылык-чарбалык иш-аракети 1. Делегация кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялообоюнча иштерди жүргүзүүгө чыгымдардын сметасын даярдайт, тиешелүү ми-нистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор ме-нен макулдашат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнөкиргизет. 2. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо боюнча иш-терди жүргүзүү үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле-кеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына ба-гытталат. 3. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасын демаркациялоо боюнча иш-терди материалдык-техникалык камсыздоо бөлүнгөн финансы каражаттарынынэсебинен ишке ашырылат. 4. Делегациянын финансылык иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлиги белгиленген тартипте контролдойт.