Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2010-жылдын 11-мартындагы № 105 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-июлу № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы № 312 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун системалык баалоону ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунда белгиленген мөөнөттө Комиссиянын ишин камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырсын.
3. Комиссия белгиленген тартипте аткаруу бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын жана зарыл учурда аткаруу бийлик органдарынын башкаруу методдорун тактоо, ишинин максаттарын, милдеттерин жана көрсөткүчтөрүн оңдоп-түздөө, оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 30-июлундагы
№ 244 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын ишинин
натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр, комиссиянын төрагасы; |
Жороев Каныбек Таирович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сакишев Талантбек Тургунбекович | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин мамлекеттик программалар башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы; |
комиссия мүчөлөрү:
Аалиев Азиз Кубанычевич | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы; |
Асанакунов Болот Жапарович | - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Байжуманов Жанбулат | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Мамасадык Сабирович | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук генттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Бейшенкулов Болот Таштанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; |
Давыдов Николай Петрович | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Кайымов Ысмайыл Кайымович | - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча); |
Каниметов Кубат | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Абдулдаевич коомдук негиздеги кеңешчиси, Европа союзунун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын реформалоого көмөктөшүү» долбоорунун жетекчисинин орун басары; |
Керимкулов Айдарбек Темирбекович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Мамасейитова Бумайрам Уташевна | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Салянова Аида Жеңишбековна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Султангазиев Айбек Кенжебекович | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; |
Шайдиева Динара Жапаркуловна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Эшалиев Таалайбек Мамырбаевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары. |