Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-февралы № 141
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана жарандардын кайрылууларын жана арыздарын өз учурунда кароо, ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандык коом менен байланышта иштөөлөрү максатында:
1. 2011-жылга Кыргыз Республикасынын министрлери менен мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынын жарандарды жеке кабыл алууларынын тиркелген графиги бекитилсин.
2. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу «ишеним телефонунун» ишин жандандыруу менен министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин коомдук кабылдамаларында жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын жетекчилери жарандарды кабыл алуу графиктерин бекитишсин, «ишеним телефондорунун» ишин жандандырышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө» токтомуна ылайык түзүлгөн коомдук кабылдамаларда жарандарды кабыл алууну жүргүзүшсүн.
4. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары, администрациялык ведомстволордун жетекчилери жана алардын орун басарлары республиканын региондоруна кызматтык иш сапарларга жана командировкаларга чыккан учурда облустук мамлекеттик администрациялардын алдындагы коомдук кабылдамаларда жарандарды кабыл алууну жүргүзүүнү практикалашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамаларынын ишин координациялоону камсыз кылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2011-жылдын 28-февралындагы
№ 141 буйругу менен бекитилген
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү | Кабыл алуу убактысы |
1. | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри | күн сайын | 19.00-22.00 |
2. | Кыргыз Республикасынын финансы министри | жума | 18.00-19.00 |
3. | Кыргыз Республикасынын юстиция министри | жума | 14.00-16.00 |
4. | Кыргыз Республикасынын коргоо министри | айдын акыркы бейшембиси | 9.00-12.30 |
5. | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри | шаршемби | 14.00-17.00 |
6. | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри | шейшемби | 10.00-12.00 |
7. | Кыргыз Республикасынын энергетика министри | шаршемби | 15.00-16.00 |
8. | Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри | шаршемби | 10.00-14.00 |
9. | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри | шаршемби | 15.00-17.00 |
10. | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри | шейшемби, бейшемби | 15.00-17.00 |
11. | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри | жума | 9.30-12.30 |
12. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри | жума | 15.00-17.00 |
13. | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри | шаршемби | 17.00-18.00 |
14. | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри | бейшемби | 14.00-16.00 |
15. | Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри | бейшемби | 15.00-16.00 |
16. | Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри | шаршемби | 17.00-18.00 |
17. | Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри | шейшемби | 10.00-12.00 |
18. | Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри | шаршемби | 14.00-16.00 |
19. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы | ишемби | 10.00-13.00 |
20. | Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы | шейшемби, бейшемби | 15.30-17.30 |
21. | Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору | бейшемби | 15.00-18.00 |