КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-марты № 180
Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 531 тескемеси менен мурда дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү С.А.Кылжыев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү катары Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Байгончоков Мирлан Конушбекович беш жыл мөөнөткө дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |