Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-марты № 184
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына жана арыздарына ыкчам көңүл буруу, калк менен карым-катышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2011-жылдын II кварталына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жарандарды жеке кабыл алуу графиги;
- 2011-жылдын II кварталына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратында, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү зарыл болгондо Коомдук кабылдамага жарандарды кабыл алууга кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2011-жылдын 31-мартындагы
№ 184 буйругу менен
бекитилген
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
| 30-апрель, 28-май, 25-июнь | 11.00-13.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
| 23-апрель, 21-май, 18-июнь | 11.00-13.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын социалдык саясат маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри | 29-апрель, 27-май, 30-июнь | 10.00-12.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын коргонуу жана коомдук коопсуздук маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри | 28-апрель, 26-май, 30-июнь | 10.00-12.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси | Жума сайын, бейшембиде | 16.00-18.00 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2011-жылдын 31-мартындагы
№ 184 буйругу менен
бекитилген
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | 5-апрель, 19-апрель, 3-май, 17-май, 7-июнь, 21-июнь | 14.00-16.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары | 6-апрель, 20-апрель, 4-май, 18-май, 8-июнь, 22-июнь | 14.00-16.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангында | 4-апрель, 18-апрель, 2-май, 16-май, 6-июнь, 20-июнь | 14.00-16.00 |
4 | Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангында | 4-апрель, 18-апрель, 2-май, 16-май, 6-июнь, 20-июнь | 16.00-17.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы
| 7-апрель, 21-апрель, 19-май, 30-май, 9-июнь, 23-июнь | 14.00-16.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
| 7-апрель, 21-апрель, 19-май, 30-май, 9-июнь, 23-июнь | 16.00-17.00
|
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы
| 8-апрель, 22-апрель, 6-май, 20-май, 10-июнь, 24-июнь | 14.00-16.00 |
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы | 8-апрель, 22-апрель, 6-май, 20-май, 10-июнь, 24-июнь | 16.00-17.00 |
9 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы | 8-апрель, 22-апрель, 6-май, 20-май, 10-июнь, 24-июнь | 17.00-18.00 |
10 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 6-апрель, 20-апрель, 4-май, 18-май, 8-июнь, 22-июнь | 16.00-17.00 |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы | 11-апрель, 25-апрель, 23-май, 31-май, 13-июнь, 27-июнь | 14.00-17.00 |
12 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы
| 12-апрель, 26-апрель, 10-май, 24-май, 14-июнь, 28-июнь | 14.00-16.00 |
13 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы | 12-апрель, 26-апрель, 10-май, 24-май, 14-июнь, 28-июнь | 16.00-17.00 |
14 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 13-апрель, 27-апрель, 11-май, 25-май, 1-июнь, 15-июнь | 14.00-16.00 |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы | 13-апрель, 27-апрель, 11-май, 25-май, 1-июнь, 15-июнь | 16.00-17.00 |
16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы | 5-апрель, 19-апрель, 3-май, 17-май, 7-июнь, 21-июнь | 16.00-17.00 |
17 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы | 14-апрель, 28-апрель, 12-май, 26-май, 2-июнь, 16-июнь | 14.00-17.00 |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы | 15-апрель, 29-апрель, 13-май, 27-май, 3-июнь, 17-июнь | 14.00-17.00 |