Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-апрели № 209
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, иштин акыркы натыйжаларына мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин күчөтүү, иш практикасына жаны технологияларды киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиркелген план бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Рсспубликасынын Премьер-министринин
2011-жылдын 13-апрелиндеги № 209
буйругу менен бекитилген
№ | Иш-чаралар | Күтүлгөн жыйынтык
| Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Контроль | |
1. Мамлекеттик кызматты уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги чаралар (2011-жыл) | ||||||
1. | Мамлекеттик органдын өзгөчөлүгүн, максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын пилоттук мамлекеттик органда иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Мамлекеттик кычматтарды көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу; мамлекеттик кызматчыларды мотивациялоонун иштиктүү системасын түзүү жана баалоо жана аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча натыйжасыз кычматкерлерди «иргөө» | 1-июлга чейин | МКК (макулдашуу боюнча), статс-катчылар, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери | Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруучулук- инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү | |
2. | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен мамлекеттик органдардын типтүү ресурстук макулдашууларын иштеп чыгуу | Жекече салымдын негизинде мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын киргизүү үчүн укуктук негиздин пайда болушу | 15-майга чейин | Финмин | Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмү | |
3.
| Ресурстук макулдашуулардын алкагында мамлекеттик кызматчылардын жеке салымын эске алуу менен мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын иштеп чыгуу | Жеке салымынын негизинде мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысына кошумча төлөө системасынын механизми | 1-июлга чейин | МКК (макулдашуу боюнча), Финмин, мамлекеттик органдардын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү, финансы жана кредиттик саясат бөлүмү | |
4. | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын базасында мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун максаттуу системасын түзүү | Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу
| 1-августка чейин | МКК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча) | Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү | |
5. | Мамлекеттик органдарда ведомстволук окутуу системасын модернизациялоо | Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жана маалымат алуусун жогорулатуу | 1-июлга чейин | мамлекеттик органдардын статс-катчылары | ММК (макулдашуу боюнча)
| |
6. | Ар бир мамлекеттик орган боюнча «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кадрларга окутуу үчүн кепилдикке алынган каражаттарды пайдалануунун механизмин иштеп чыгуу (мамлекеттик органдын бюджетинин 1 процентинен кем эмес) | Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу | 1-августка чейин
| МКК (макулдашуу боюнча), Финмин | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү, финансы жана кредиттик саясат бөлүмү
| |
II. Мамлекеттик кызматты уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча келечектүү чаралар (2012 -2013-жылдар) | ||||||
7. | Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматты уюштуруунун карьералык-кызматтык жана контракттык формаларын айкалыштыруучу системаны киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун жана мүмкүндүгүн кароо | Мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2012-2013- жылдар | МКК (макулдашуу боюнча), Финмин, мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү | |
8. | Кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик органдардын багыт алуу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
| Мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | 2012-жыл | Экономмин, МКК (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү | |
9. | Мамлекеттик органдардын ишинде стратегиялык башкаруу технологияларын жана пландоону киргизүү | Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2012-жыл | МКК (макулдашуу боюнча), Экономмин, мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү | |
10. | Бардык мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматчыларды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү | Мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2012-2013- жылдар | МКК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), Финмин | Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү | |