Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-апрели № 219
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2011-жылдын 18-22-апрелинде болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
2011-жылдын 18-22-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын өкмөттүк делегацияларынын
жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Тургуналиев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Осмонкулов А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сулайманов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги. |