Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-апрели № 241
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 4-8-майында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Аталган жолугушууну өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Бишкек шаарында 2011-жылдын 4-8-майында кезектеги жыйынга катышуу үчүн
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик
чекараны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн
курамы
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Тургуналиев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Осмонкулов А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Турдумамбетов О.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин башкы инженери;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сулайманов А. Т. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги. |