Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июну № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 190 «Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын 12 (он эки) штатык бирдиктен турган (секретарь-референт жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) чектелген штаттык саны белгиленсин.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын түзүмү;
- Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын штаттык саны.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2011-жылдын 15-июнундагы № 311
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2011-жылдын 15-июнундагы № 311
буйругу менен бекитилген
Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны |
Башкы директор | 1 |
Башкы директордун орун басары | 1 |
Көркөм жетекчи | 1 |
Бөлүм начальниги | 2 |
Башкы адис | 2 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Жетектөөчү адис | 2 |
1-категориядагы адис | 2 |
Бардыгы: | 12 |