Редакцияот 04.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 4-июлу № 334

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында:

1. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитети жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев