Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 4-июлундагы № 334 буйругу менен бекитилген |
1. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык түзүлгөн.
2. Уюштуруу комитети өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Уюштуруу комитетинин башкы максаты болуп Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоого жана өткөрүүгө катышкан мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын ишин жетектөө жана координациялоо эсептелет.
4. Жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык Уюштуруу комитети:
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү программасын (мындан ары - Программа) карайт жана сунуш киргизет;
- Уюштуруу комитетинин Жумушчу тобунун отчётторун угат жана кабыл алат;
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүүгө карата тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
5. Уюштуруу комитетинин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок айында кеминде бир жолу өткөрүлөт.
6. Уюштуруу комитетинин төрагасы Уюштуруу комитетинин ишин жетектейт, жыйындардын күн тартибин аныктайт.
7. Эгерде мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышса, анда Уюштуруу комитетинин жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет.
8. Уюштуруу комитетинин чечимдери Уюштуруу комитетинин катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделет, ага жыйындын төрагасы кол коёт жана аткаруучуларга жеткирилет.
9. Коюлган маселелерди ыкчам чечүү максатында Уюштуруу комитети тарабынан Уюштуруу комитетинин жумушчу тобу (мындан ары - Жумушчу топ) түзүлөт. Уюштуруу комитетинин Жумушчу тобунун курамы 11 (он бир) адамдан турат.
Жумушчу топтун жеке курамы Уюштуруу комитетинин төрагасынын чечими менен аныкталат.
10. Жумушчу топтун негизги милдеттери:
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоого жана өткөрүүгө катышуучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин иштерин координациялоо, контролдоо жана мониторингдөө;
- Программанын аткарылышын, Программаны ишке ашырууга бөлүнчү финансылык ресурстардын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү маселеси боюнча түшкөн сунуштарды топтоо жана жалпылоо, коюлган маселелерди кеңири талкуулоого коомдук уюмдарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу.
11. Жумушчу топ өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү маселелерине тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- жумушчу топко отчёт берүүчү облустук уюштуруу комитеттерин түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү маселесине байланыштуу маалыматтарын угууга;
- мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча өз ара байланышта иштешүүгө;
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
12. Жумушчу топтун жыйындары зарылдыгына жараша, Уюштуруу комитетинин төрагасы аныктаган жумуш тартибинде өткөрүлөт.
13. Уюштуруу комитетинин чечимдери Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат жана министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.
14. Жумушчу топ Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө Уюштуруу комитетине ай сайын маалымат берет.
15. Уюштуруу комитетин жана анын Жумушчу тобун уюштуруу техникалык жактаң камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрү ишке ашырат:
- Курманжан Датка жылын даярдоо жана өткөрүүнү - Билим берүү жана маданият бөлүмү;
- Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүүнү - уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү .
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аталган бөлүмдөрү штабдын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлчү жер жана убактысы жөнүндө кабарлайт, протоколдорду жазат, каралчу маселелер боюнча маалыматтарды жалпылайт жана талдайт, чечимдердин долбоорлорун даярдап, кабыл алынган чечимдерди кызыкдар мамлекеттик органдарга жана жеке жактарга жеткирет.