Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-июлу № 343
(КР Премьер-министринин
2012-жылдын 25-майындагы № 467 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүндө чарба боюнча китептерди модернизациялоого карата кыргыз-норвегия долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү өз убагында даярдоо жана сапаттуу аткаруу максатында:
1. Кыргыз-норвегия долбоорунун иш-чараларын натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Түлөгабылов Н.М | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Абжапаров Т.Ж | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Дүйшеев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы; |
Максутов Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматыныннын төрагасынын орун басары; |
Мамбетов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Нарусбаева У.Р. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Орозбеков М.О. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары. |
Аттокуров М.Ш. | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Алыгулова К.А. | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; |
Баяман Н. | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; |
Абдраев Б.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
2. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосундагы чарба боюнча китептерин модернизациялоого байланышкан жалпы маселелерди макулдашуу болуп саналат. Бул комиссиянын негизги маселелери тийиштүү тармактык маселелер боюнча консультацияларды керсөтүү, чарба боюнча китепти кайра кароо, кыргыз-норвегия долбоорунун ишке ашыруучу иш-чараларын макулдашуу жана ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
3. Ведомстволор аралык комиссия кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү үчүн ишти координациялоону жана уюштурууну камсыз кылсын жана кыргыз-норвегия долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |