Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-майы № 467
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 6-июлундагы № 343 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүндө чарба боюнча китептерди модернизациялоого карата кыргыз-норвегия долбоорун натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Аттокуров М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Алыгулова К.А. | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары; |
Баяман Н. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; |
Абдраев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
- "Нарусбаева У.Р. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы;" деген позиция төмөнкү редакцияда берилсин:
"Нарусбаева У.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;";
- К.М.Мамбетаипов, Б.Т.Жунусов комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |