Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-декабры № 499-б
2014-жылы Бишкек шаарында "Айыл-Агро" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүн ийгиликтүү даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоо максатында:
1. 2014-жылдын 14-16-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн алдында (эски аянт) "Айыл-Агро" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү (мындан ары - көргөзмө) өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-февралындагы № 39-б буйругуна ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети:
- Көргөзмөнү өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын 2014-жылдын 1-январына чейин бекитсин;
- "Росагромаш" айыл чарба техникаларын өндүрүүчү россиялык ассоциация жана башка кызыкдар болгон эл аралык уюмдар менен көргөзмөнү уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн финансы каражаттарын тартуу маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- 1-январга чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге:
ушул буйруктун 2-пунктунда аталган уюштуруу комитетине көргөзмөнү өткөрүүнүн алкагындагы тематикалык программалар боюнча сунуштарды киргизсин;
Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан, Казакстан Республикасынан жана Беларусь Республикасынан көргөзмөнүн "ардактуу коноктору" катары өкүлдөрдү тартуу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасы менен бирге техника жана жабдууларды чыгаруучу жергиликтүү жана чет элдик компанияларды көргөзмөгө катышууга чакырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларына жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык миссияларга көргөзмөнү өткөрүү датасы жөнүндө кабар берсин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын даректерине чакырууларды жөнөтүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-февралындагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн уюштуруу комитетинин курамына мүчө катары төмөнкү адамдар киргизилсин:
Абдраев А.К. | - | Кыргызстан банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Аксаков А.Г. | - | "Россия" ассоциациясынын президенти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын финансы рыногу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мурычев А.В. | - | Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аткаруучу вице-президенти, Региондук банктар ассоциациялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |