Загрузка документа…
КР Правительства 2015-жылдын 2-мартындагы № 70-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 14-февралы № 39-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-майындагы № 182-б, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 499-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2013-жылы Бишкек шаарында «Айыл-Агро» эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүнө жакшы даярданууну жана өткөрүүнү камсыздоо максатында:
1. 2013-жылы Бишкек шаарында «Айыл-Агро» эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүн (мындан ары - көргөзмө) өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- 2013-жылдын 1-мартына чейин Көргөзмө өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитсин;
- Россиянын «Росагромаш» айыл чарбалык техника өндүрүүчүлөр ассоциациясы жана башка кызыкдар эл аралык уюмдар менен көргөзмөнү уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражат тартуу маселесин иштеп чыксын.
3. Уюштуруу комитети министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана «Айыл банк» ачык акционердик коому көргөзмөнүн өз убагында даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн жооптуу болуп аныкталышсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-февралындагы № 39-б буйругуна тиркеме |
2013-жылы Бишкек шаарында «Айыл-Агро» эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Курамы
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-майындагы № 182-б, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 499-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Корневой Е.А. | - | Россиянын "Росагромаш" айыл чарбалык техника өндүрүүчүлөр ассоциациясынын директору, уюштуруу комитетинин теңтөрагасы (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Ч.М. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Азранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Акматов Т.А. | - | "Айыл-Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Кенжебаев Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы - министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Кулматов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Малабаев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Шаршекеев М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов А.Д. | - | "Кыргызайылкөмөк" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Елизарова А.В. | - | Россиянин "Росагромаш" айыл чарбалык техника өндүрүүчүлөр ассоциациясынын "Агросалон" көргөзмөсүнүн директору (макулдашуу боюнча); |
Серебринникова О.Н. | - | Россиянын "Росагромаш" айыл чарбалык техника өндүрүүчүлөр ассоциациясынын экспорт боюнча менеджери (макулдашуу боюнча); |
Кожогулов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору; |
Омарова А.Т. | - | "Айыл банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Жумаев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Адамкулова С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Кулуев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Усубакунова А.И. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Токтогулова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кыдыралиев М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Абдраев А.К. | - | Кыргызстан банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Аксаков А.Г. | - | "Россия" ассоциациясынын президенти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын финансы рыногу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мурычев А.В. | - | Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аткаруучу вице-президенти, Региондук банктар ассоциациялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр |
|