Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-декабры № 506-б
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 101 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кара-Балта шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда 2,0 млн. (эки миллион) евро суммасына Субнасыялык макулдашууну түзсүн:
- насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюм - Euribor +2,5 пайыз;
- насыялык каражаттардын эсебинен алынган жабдуулар жана сатып алынган башка буюмдар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;
- насыянын негизги суммасы жана пайызы 25 барабар бөлүктө жарым жылда 1 жолу, жыл сайын 30-июнда жана 31-декабрда төлөнөт, мында насыяны биринчи төлөө - 2015-жылдын 30-июну жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;
- төлөм кечиктирилген учурда, мөөнөтү кечиктирилген карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук төлөп бүткөн күндү кошкондо айып - Euribor + жылдык 5 пайыз;
- насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз;
- эсепти ачуу үчүн комиссия - насыянын суммасынан 1 пайыз.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |