Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-декабры № 512-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык)
2013/2014-жылдын жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына келишим шарттарында 100 (жүз) млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин;
- бюджеттик ссуданы берүүнүн төмөнкү шарттары аныкталсын: бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөттөрү болуп 50 (элүү) млн. сомдон барабар бөлүктө 2014-жылдын 1-июлу жана 2014-жылдын 1-декабры белгиленсин;
бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтү болуп 2015-жылдын 30-апрели белгиленсин;
мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөргө мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө финансылык санкция белгиленсин;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык жогоруда аталган ссуданы кайра кайтарууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.