Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-марты № 99-б
2013/2014-жылдын жылытуу мезгилинен туруктуу өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун бешинчи абзацындагы "2013-жылдын 31-декабры" деген сөздөр жана цифралар "2014-жылдын 31-декабры" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 512-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтү болуп 2014-жылдын 31-декабры белгиленсин;".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы менен бюджеттик ссудаларды кайра кайтаруу шарттарын караштырган кошумча макулдашууларды түзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |