Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 524-б
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Борбор Азияда жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын биринчи фазасын каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин жана административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 524-б буйругуна тиркеме |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Орозова Карамат Бабашевна | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Арипов Назарали Турдалиевич | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Досалиев Акуналы Атамырзаевич | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Садакбаев Талант Усенкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |