Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 525-б
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек-Ош (Маданият - Жалал-Абад участогу) автомобиль жолун кайра конструкциялоо боюнча долбоордун 4-фазасын каржылоо жөнүндө (Борбордук-Азия региондук экономикалык кызматташтыгынын программасынын 3-транспорттук коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору) Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 525-б буйругуна тиркеме |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Туманов Токтогул Туманович | - | "СДПК" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Алимбеков Нурбек Каарыевич | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Досалиев Акуналы Атамырзаевич | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна | - | "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору; |
Садакбаев Талант Усенкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |